Turmush — Президенттин фондунун эсебинен быйыл Нарын облусунда 48 футбол аянтчасы курулары күтүлүп жатат.
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жылдыз Мамбетованын айтымында, учурда айрым футбол аянтчалардын курулуш иштери башталды.
Курула турган футбол аянтчалары:
- Ат-Башы району — 12 аянтча;
- Кочкор району — 9 аянтча;
- Ак-Талаа району — 8 аянтча;
- Нарын району — 7 аянтча;
- Жумгал району — 6 аянтча;
- Нарын шаары — 5 аянтча.