Turmush — Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы курулушу жүрүп жаткан 3200 орундуу филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин Манас шаарындагы объекттерди кыдырганда белгилүү болду.
Бул объектинин болжолдуу сметалык баасы 6 млрд 800 млн сомго жетет.
Министр бөлүнгөн каражат көп экенин белгиледи. Анын айтымында, бул каражатка 14 мектеп курса болот. Долбоор кайрадан иштелип чыгат, ага чейин филармониянын курулушу токтоп турат.
«Бишкек шаарындагы 1100 орундуу филармония бар. Бүгүнкү күнгө чейин өзүн-өзү толук камсыздай элек. Бул жердеги филармония 3200 орундуу болуп жатат. Бул 7 млрд сомго жакын акча, 500 миллион сомго болжогон 14 мектептин акчасы болуп жатат. Алыска барбай эле Сузак районундагы Б.Алыкулов мектебин алалы, ошол мектеп 500 миллион сомдун тегерегинде бүткөн. Адегенде мектептердин жетишсиздигин карап, социалдык маселелерди чечип алышыбыз керек. Филармония керек, долбоорун карап чыгабыз. Объектинин орундуктарын кыскартуу жагын карайбыз. Бул жайдын курулушу убактылуу тондурулуп турат», - деди министр.
Анын пикиринде буга чейин аталган объектте болжол менен 20 миллион сомдук жумуш аткарылган. Буга чейин курулуш компания жумшаган каражатынын суммасы эсептелип чыккан соң которулуп берилет.
Филармонияга каржылоо Турукташтыруу фондунан бөлүнөт. Бул жайдын долбоору «АрхТБ» ЖЧКсы тарабынан иштелип чыккан. Объектиге буйрутмачы катары болуп Манас шаарынын мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш департаменти эсептелет. Курулуш иштери ӨКМдин «Ош өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү борбору» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ал эми субподрядчы катары «Багратион» ЖЧКсы иштеп жаткан.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «АрхТБ» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Баетов Сааданбек Нурбекович, негиздөөчүсү — Санжарова Тораим Шараповна. Компания 1998-жылы 27-ноябрда каттоодон, 2019-жылы 22-июлда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишммердүүлүгү: курулуш долбоорлорун иштеп чыгуу.
«Багратион» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана незидөөчүсү — Сейткулов Нурсеит Алымжанович. Компания 2018-жылы 8-августта каттоодон, 2025-жылы 24-январда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.
Филармониянын курулушу февраль айында башталган. Жер казуу иштери бүтүп, пайдубалы түптөлүп жаткан.
Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын имараты эскирген абалда экени, жаңы имарат куруу зарыл экени айтылып келген.
Манас шаарындагы ири 8 объект Курулуш министрлигине өтөт. Филармониядан башка объектилерде курулуш токтобойт. Баары өз учурунда бүткөрүлөрү айтылды.
2025-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жакын арада филармониянын курулушу башталарын, бул филармония өлкөдөгү эң чоң филармония болорун билдирген болчу.