Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Терек айылынын 20 жаштагы тургуну Шабдан Туратбеков жасаган кол эмгектер көпчүлүктү таң калдырып жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Каарманыбыз Шабдан Туратбеков бүтүндөй үй-бүлөсү менен кол өнөрчүлүк кылышарын айтты.
«Биздин үй-бүлөбүздү кол өнөрчүлөрдүн династиясы деп койсом болот. Анткени, ата-энем жана 3 агам дагы кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Ал тургай, бардыгыбыз тең көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайында окуганбыз. Бир учурда 3 кесиптин ээси болуп калдым. Анткени, окуу жайда керамика бөлүмүндө 7 студент окучубуз. Анын бардыгы тең окуудан чыгып кетип, өзүм жалгыз калгандыктан көркөм сүрөт бөлүмүнө которулуп кетүүгө аргасыз болдум. Ошондо, керамика, көркөм сүрөт боюнча билим алып чыктым. Ал эми тери бетине сүрөт түшүрүүнү агаларымдан үйрөнүп алдым. Чоподон идиш-аяктарды, ар кандай сувинерлерди жасайм. Панно деп коёбуз. Башкача айтканда, уй терисине ар түркүн сүрөттөрдү, оймо-чиймелерди түшүрөм. Мындан тышкары, замандын талабына ылайык булгарыдан капчык, ачкычы салгыч, сумка, барсетка, эркектерге кур сыяктуу буюмдарды жасап сатам. Көбүн эсе буйрутма аркылуу кардарлардын табитине ылайыктап жасап берем», - деди ал.
Өзгөчө кол өнөрчүлүк менен алектенген Шабдан мырза бийлик колдоп берсе, бут кийим тигүү цехин дагы ачууга даяр.
«Учурда айылдагы Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде 8 айдан бери кол эмгек мугалими болуп эмгектенип келе жатам. Окуучуларымдын арасында булгары менен иштөөгө, керамикага кызыккандар бар. Аларга өнөрүмдү үйрөтүп келе жатам. Атайын булгары менен иштөө, үйрөтүү боюнча ийрим ачсамбы дегем. Ал үчүн билим берүү борбору ылайыктуу болуп турат. Мындан тышкары, быйыл үй-бүлөбүз чакан цех ачууну пландап жатабыз. Бирок, ал үчүн атайын жабдууларга муктажбыз. Каражат жагы дагы жетишсиз болууда. Эгер, жергиликтүү бийлик кандайдыр бир долбоорлор менен колдоого алып беришсе, булгары бут кийимдерди тигип, чакан цех ачууга даярмын. Бир байке "Шабдан, бут кийим дагы тиге аласыңбы?" дейт, мен: "Байке, акча салган капчыктарды кандай тиксем, бут кийимди деле ошондой тигип, жасай алам" деп жооп бердим. Булгары иштетүү боюнча цех ачуу оюмду айыл өкмөткө айтсам "долбоор жаз" деп койду», - деди Ш.Туратбеков.