Turmush — Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 33 жаштагы тургуну Азамат Талипов 5 миң долларга чейин бааланган асыл тукум койлорду багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Өзүнүн айтымында, учурда жүк ташуу менен алектенет.
«Асыл тукум арашан койлорду багууга Фарид аттуу досум себеп болгон. Ошондон улам бул койлорду багууга кызыгып кеттим. Арашан породасындагы асыл тукум койлор жылына эки жолу тууйт. Сойсоң көп эт берет. Сатсаң кымбат баада сатылат. Эки маал атайын тоют жана эки маал чөп берип багабыз. Мындан сырткары арпа, буудай, беде, саман, сабиз да беребиз. Учурда менде 40 туут кой бар», - деди ал.
Азамат Талипов арашан тукумундагы козуларды 25 миң сомдон 1 миң долларга чейин сатып жатканын айтты. Ал эми чоң кочкорлор 1 миң доллардан 5 миң долларга чейин бааланат.
«Бул койлорго кызыккандар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Көргөзмөлөргө барып катышып турабыз. Келечекте дагы асыл тукум койлорду көбөйтүүнү пландап жатам», - деди ал.
Азамат Талипов 3 баланын атасы.
------------------------------------------------
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы «Арашан» аттуу жаңы кой породасын каттаган. Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган.
Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. «Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча «Арашан» породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.