Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 14.11.2019 14:23

Жумгалда боорунун көбүн «курт жеген» Куйручуктун чөбөрөсү дүйнө менен кош айтышты

Turmush -  Белгилүү куйкум сөзмөр Куйручуктун чөбөрөсү Нүргүл Куйручукова оорудан улам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришти.

Маркум боордун альвеококкоз дартына кабылып, 5 жылдан бери дарыланып келе жаткан. Ал 9-ноябрда көз жумган.

«Апабыз Бишкек шаарындагы М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда дарыланып жаткан. Бирок, 5-ноябрь күнү дарыгерлер «болбой калды» деп айтышканынан үйгө чыгарып кеткенбиз. 9-ноябрь күнү каза болду», - деп билдиришти туугандары.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 46 жаштагы тургуну Куйручукова Нургүл Ашымовна жардамга муктаж экенин жазган. Анын бир күндүк дарылануусуна 3 миӊ сомдон 10 миӊ сомго чейинки каражат керектигин аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришкен эле.

Эхинококкоз жана альвеококкоз оорусу тууралуу бул шилтеме аркылуу окуй аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×