Бөлүмдөр
Жума, 6-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 14.11.2019 10:44 На русском

«Үч туяктуу кулун, башы жок козу»: Ак-талаалык мал дарыгер Д.Искендеровду таң калдырган окуялар

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 34 жаштагы мал дарыгери Дөөлөтбек Искендеров 10 жылдан бери элге ак кызматын кылып келет. Түйшүктүү кесиптин эси менен аймактык кабарчы таанышты.

Искендеров Дөөлөтбек Искендерович 1985-жылы 13-январда Баетов айылында туулган. 2003-жылы орто мектепти аяктаган соң, Бишкектеги К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университине окууга тапшырып, 2009-жылы мал дарыгери кесибин алып чыккан. 2009-жылы жубайына баш кошуп, 3 кыздын атасы болгон.

Окуу жайды бүткөндөн кийин элдердин чакыруусу менен айыл жергесине келип, 10 жылдан бери жеке ветеринар катары элге ак кызматын көрсөтүп келе жатат.

«Окууну бүткөн соң элдердин чакыруусу менен айылга келип, жеке ветадис катары иштеп жүрүп, 2011-жылы өзүмдүн жеке ветдарыканамды ачтым. Мал дарыгерлик кесипти тандап алганымдын себеби, үйдө эң кичүүсү мен болгондуктан ата-энемдин жанында болушум керек эле. Экинчиден, айыл жергесинин жашоочулары мал чарбачылыгы менен алектенгендигине байланыштуу мал дарыгерлик "өлбөгөн кесип" деп ушул кесипти тандап алгам. Учурда малдарга дары-дармек сатуудан башка дагы бир катар кызматтарды аркалайбыз. Тууй албай жаткан уй, койлорду операция аркылуу ичиндеги музоо, козусун алабыз. Чурку (грыжа) болгон малдардын чуркусун тилебиз. Эркек малдарды бычабыз, мал эмдөө учурунда малдарга эмдөө иштерин жүргүзөбүз. Кыскасы бардыгын эле аткарабыз», - деди Дөөлөтбек мырза.

Уйду 3 миң сомдон, койду 1 миң сомдон операция кылган мал дарыгери Дөөлөтбек мырза айына ашып кетсе 10 миң сомдун тегерегиндеги каражат табарын айтат.

«Негизи менчик болгон соң айлык албайбыз да. Элдердин малдары ооруп калса, ошолордун чакыруусу менен барып малын дарылап берип каражат табабыз. Райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынан жазгы мезгилинде малдарды толук эмдөө учурунда гана вакцина алып, эмдөө иштерин жүргүзөбүз. Ошол учурда бир аз каражат табууга болот. Канча каражат тапканымды эсептеп деле көрбөптүрмүн. Ал эми ветдарыканадан айына 10 миң сомдун тегерегиндеги каражат түшүп калат. Андан сырткары, жай мезгилинде Ысык-Көлгө барып иштеп келүүгө туура келет. Келинчегим Чолпон-Атадан болот. Кайын журтка барып, коттедждин жанынан павильон ижарага алып, 2-3 ай иштеп келебиз. Башка киреше булактары жок. Биздин жумуш абдан оор. Күн суукта чакырса барууга туура келет. Аябай кир жумуш. Таза иштебесек оору жугузуп алышыбыз мүмкүн. Кооптуу иш да. Мурункуга салыштырмалуу азыр жаштар ветадистик кесибин окуп жатышат. Антсе деле, көбүнесе жаштар таза кийинип алып, жылуу-жумшак кабинетке отуруп, колдун учу менен иштегиси келе берет. Бирок, мен өзүмдүн кесибимди сүйөм», - деди Д.Искендеров.

Түйшүктүү кесиптин ысык-суугуна карабай адал эмгек кылып иштеп жүргөн Д.Искендеров иш учурунда көп эле кызыктуу окуяларга туш болорун, ал тургай мутант кулун менен козу көргөндүгүн эсинен чыгарбайт.

«Бир жолу Баетов айылында гүл деген ооруга каршы койлорго эмдөө жүргүзүп жүргөнбүз. Ветстанциядан абдан көп вакцина алабыз. Канча малга эмдөө жүргүзүлгөндүгү боюнча отчётун бериш керек. Мен 1 миңдей койго ийне сайгам. Анын баары кагазга каттап алган элем. Бирөөнүн короосуна кирип, дептеримди жерге коюп, малына ийне сайганы кеткем. Ийне сайып чыксам баягы дептеримди эчки жеп салыптыр. Толук жебесе дагы аябай бырчалап майдалап салыптыр. Отчётту ошол боюнча бермекмин. Баягы дептерди курайм деп тимеле эзилип кеткем.

Окууну жаңы бүтүп келген кезим. Өзүм жашмын. Орто-Сырт жайлоосуна бруцеллёз оорусуна каршы эмдөө иштерин жүргүзүүгө 1 жумага кеттик. Автоунаабыздын майы түгөнүп калып, ар кимдин үйүнө жаттык. Курсагыбыз болсо ачка. Ар кайсы айдоочудан жалдырап күйүүчү май сурайбыз. Ошондо, бир жерге бара жатабыз. Күтүүсүздөн бир байкенин үйүнө барып калдык. Кеч кирип кеткен. Анысы аз келгенсип жамгыр төгүп жатат. Былчылдап, сыгып алчудай шалбырап суу болдук. Ал жерден тамак ичип, айла жок жатып калдык. Бир байке экөөбүзгө бир жууркан жаап берип коюшкан. Кишилер дагы көп болчу. Ал байке менен таң атканча төшөк талашып чыкканым эсимде. Аябай үшүп чыгасың, карасаң тиги байке төшөктү тартып алган болот. Мен кайра андан тартып алам. Уктабай эле төшөк талашып чыкканбыз (күлүп).

Айрым учурда мутант, бир кызыктай малдарга күбө болуп каласың. Негизи андай малдар деле көп кездешпейт. Бир жолу Кызыл-Белес айылында таекелеримдин бир бээси 3 буттуу кулун тууганын көргөм. Дагы бир жолу өзүбүздүн эле бир кой бала салып салды. Өлүү козу туулуп, тону менен түшкөн. Тонунан ажыратып карап, көргөн көзүмө ишенбей таң калып калдым. Жүнү өскөн, туяктары, куйругу бар, кыскасы ичинен эле жетилип калган кадимкидей эле козу. Мени таң калдырганы башы жок экен», - деди ал.

Дөөлөтбек мырза өткөн жумада айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата облус жетекчилигинин ыраазычылык катына ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×