Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 09.11.2019 10:10

Жумгалда ата-бабалар эскерилди

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата тарыхый инсандарды эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алгач катышуучулар эстеликке гүлчамбар коюу менен ата-бабалардын элесине багыштап куран окушту. Иш-чарага райондун акими Адыл Сапаров, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, аксакалдар катышты.

Чаек айылынын кире бериши тарапта райондон чыккан тарыхый инсандар, коомдук ишмерлердин айкелдери орнотулган.

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×