Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 06.11.2019 16:40

Жумгалда байге фонду 300 миң сомду түзгөн ат оюндары өтөт

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Жумгал районунда 7-ноябрда түшүм майрамы белгиленет. Бул тууралуу аким Адыл Сапаров билдирди.

Анын айтымында, алгач райондон чыккан белгилүү инсандардын эстелиги турган аймакта ата-бабаларга багышталып куран окулат. Андан соң Жаман-Талаа ат майданында түшүм майрамы белгиленет. Иш-чара ат оюндары менен коштолуп, анда аламан, кунан чабыш, жорго салыш, көк бөрү жана салбурун боюнча оюндар өткөрүлөт. Жалпы байге фонду 300 миң сом.

7-ноябрь – Улуу Октябрь революциясынын күнү. СССРдин курамындагы мамлекеттердин ичинде Кыргызстан менен Беларусь Республикасында гана расмий майрам катары белгиленип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×