Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 05.11.2019 19:12

Сүрөт — Ат-Башыдагы авариялык абалдагы көпүрө

Turmush -  Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынан жайлоолорго кетчү жолдогу көпүрөнүн абалы начар, деп билдиришти жергиликтүү тургундар.

Алардын айтымында, Көк-Күмбөз кыштоосунда курулган көпүрөнүн абалы начар. Ал көпүрө менен Ат-Башы, Нарын райондорунун малчылары Босого, Ак-Сай, Арашан жайлоолоруна катташат.

«Көпүрөнүн абалы абдан начар. Адам өмүрүнө коркунуч жаратып калды. Кыштоого тоют ташыган малчылар көпүрөнүн абалынан кооптонуп, Өзгөрүш айылы аркылуу каттап жатышат. Бул боюнча жол тейлөө ишканасына айтып эле жатабыз», - дешти алар.

Акимдин орун басары Жумагул Тентимишовдун айтымында, көпүрө №20 жол тейлөө ишканасына карайт.

«Көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2020-жылдын бюджетине киргизүүнү пландап жатабыз. Жай айларында оңдоодон өткөргөнбүз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×