Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.11.2019 17:13

Ак-Талаада күрөш залы ачылып, мелдеш өткөрүлдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында күрөш залы ачылды. Бул тууралуу «Тайлак баатыр» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Гүлжаз Капарбекова билдирди.

Анын айтымында, Мейманбек Кадыркулов атындагы күрөш залдын ачылыш аземи 4-ноябрда өтүп, анын урматына эркин күрөш боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдешке айыл аймактардан жалпы 108 балбан катышып, 13 түрдүү салмактык категория боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында жеңишке жеткен балбандарга медаль жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×