Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 05.11.2019 15:45 На русском

Сүрөт — Турдакун Усубалиев колдонгон буюмдар

Turmush -  Өлкө боюнча мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Turmush басылмасы Т.Усубалиевдин колдонгон буюмдарынын сүрөттөрүн сунуштайт.

Алардын ичинде Т.Усубалиевдин жарыялана элек сүрөттөрү бар. Буюмдар Кочкор районундагы Калыгул Бай уулу жана Көк-Жар айылындагы орто мектептерде сакталган.

Турдакун Усубалиев — партиялык ишмер, 1961-1985-жылдары Кыргыз ССРнин компартиясынын Борбордук комитетин жетектеген. «Кыргыз Республикасынын баатыры» деген ардактуу наамга ээ.

1945-1955-жылдары Советтер союзунун коммунисттик партиясынын борбордук комитетинде эмгектенген. Андан соң «Советтик Кыргызстан» гезитин жетектеген. Кийин компартиянын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. «Ленин» ордени менен 4 жолу, Октябрь революциясы, «Кызыл-Туу» ордени менен 2 ирет, I даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган. Ошондой эле ага «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси ыйгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×