Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 05.11.2019 13:16 На русском

Жумгалдын борборунда мыйзамсыз орнотулган темир контейнерлер башка жерге көчүрүлдү. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында соода-сатык кылуу үчүн орнотулган мыйзамсыз контейнерлер бөлөк жерге көчүрүлдү. Бул тууралуу айыл өкмөт башчы Рустам Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин эч кандай уруксат кагазы жок, жер салыгы төлөнбөй, өзүм билемдик менен 4-5 контейнер орнотулуп, соода-сатык иштери жүргүзүлүп келген.

«Мындан ары ал жерге эс алуучу жай же отургучтар орнотулуп, күтүү жайы курулат. Мыйзамсыз орнотулган контейнерлер эски мейманкананын артына жылдырылды. Күн сайын райондун борборун тазалоо, мыйзамсыз курулуштарды иреттөө иштери жүргүзүлөт. Жакынкы күндөрү соода-сатык жүргүзүлгөн 2-3 аялдама түрттүрүлөт», - деди Р.Алымкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×