Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 04.11.2019 15:33

Ат-Башыда мектептин директору 70 тонна көмүрдү кабыл албай койду

Turmush -  Ат-Башы районунун тургундары айрым мектептерге ташылып жаткан көмүрдүн сапаты жаман экенин айтууда. Учурда көмүрдүн тоннасы 3500 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Н.Үсөналиев атындагы орто мектептин директору Алмамбет Эшмамбетовдун айтымында, мектепке биринчи 70 тонна көмүр түшкөн.

«Көмүр таптакыр күйбөйт экен. Жараксыз деп кабыл алган жокмун. Аны алып кетишкен жок. Ушундай эле көмүр Калинин, Жаңы-Күч, Талды-Суу айылындагы мектептерге түшкөн. Кийин айыл өкмөт 146 тонна жарактуу көмүр түшүрүп берди. Айыл өкмөткө жана акимчиликке билдиргенбиз. Калган көмүрдү толуктап беребиз дешти. Жалпысынан мектепке жалпы 220 тонна көмүр берилиши керек», - деди ал.

Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Докоевдин айтымында, мектепке келген көмүр жарактуу.

«Көмүр жараксыз деген туура эмес. Болгону жаңы алып келгенде үстүндөгүлөрү тоң болуп калат экен. Учурда 400 тонна көмүр элге берилди. Кампада 150 тонна турат. Баасы 3500 сомдон болууда», - деди ал.

Ал эми Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Байгазаков муниципалдык мекемелерге көмүр толугу менен таратылып бүткөнүн айтты.

«Азыр күн жылуу болуп, көмүр алган адамдар аз. Жалпы 300 тонна сатыкта турат. Сапаты жакшы, айылдын ичинде 5-6 "КамАЗ" көмүр ташып жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×