Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 04.11.2019 13:41

Сүрөт — Реконструкциядан өткөн Нарын шаарынын борбордук аянты

Turmush -  Бүгүн, 4-ноябрда Нарын шаарында саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында шаардын Турдакун Усубалиев атындагы реконструкциядан өткөн борбордук аянты салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышууда. Борбордук аянт 19 млн 600 миң сомго реконструкцияланган. Ошондой эле борбордук аянтка Турдакун Усубалиевдин айкели орнотулду. Ага 6 млн сом сарпталган.

Борбордук аянтка эки оргума, Кыргыз Республикасынын желеги, отургучтар орнотулуп, жарыктандырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×