Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 04.11.2019 13:27

Ак-Талаада акимдин кубогу үчүн өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун акиминин кубогу үчүн спорттун 4 түрү боюнча мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

Мелдештер 2-3-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн. Анда жергиликтүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери кичи футбол, волейбол, шахмат жана стол үстүндөгү теннис боюнча күч сынашты. Мелдештин ачылыш аземине аким Сейтек Кулубаев катышып, байге фондуна 40 миң сом бөлүнгөнүн билдирди.

Мелдештин жеңүүчүлөрү

Футбол боюнча:

- 1-орун — райондук ички иштер бөлүмү;
- 2-орун — билим берүү бөлүмү;
- 3-орун — райондук сот.

Волейбол боюнча:

- 1-орун — райондук токой чарбасы;
- 2-орун — райондук билим берүү бөлүмү;
- 3-орун — райондук мамлекеттик администрация.

Стол үстүндөгү теннис боюнча:

- 1-орун — Чолпонбек Жамадилов;
- 2-орун — Руслан Мусаев;
- 3-орун — Ильич Асылбеков.

Шахмат боюнча:

- 1-орун — Нурбек Жолдубаев;
- 2-орун — Таалай Байсеркеев;
- 3-орун — Бактияр Акматбеков.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жылдын аягында тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×