Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Нарын облусуНарын району 04.11.2019 11:02

Нарында 620 гектар жерди суу менен камсыздоочу бассейн биринчи жолу оңдолууда

Turmush -  Нарын районунун Сары-Ой айылында сууну суткалык жөнгө салуучу бассейн оңдолууда. Бул тууралуу Нарын райондук администрациясынан билдиришти.

Сары-Ой айыл өкмөтүндөгү бассейн 1984-жылы пайдаланууга берилген. Ал 620 гектар жерди сугат суу менен камсыздоого ылайыкталган. Бирок 35 жылдан бери ал тазаланбай, суу алууга мүмкүн болбой калган.

Ушул жылдын октябрь айында өкүлчүлүк жана Нарын райондук администрациясы Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине кайрылган. Андан кийин демөөрчү Орозбек Өмүровдун каржылоосунда күйүүчү майга 100 миң сом каражат берилди. Учурда Нарын облустук жана райондук суу чарба башкармалыгынын техникалары коюлуп, тазалоо иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×