Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 01.11.2019 13:40

Турдакун Усубалиевге 100 жыл: Кочкордогу мугалимдер Алматыга жолдомо алышты

Turmush -  Кочкор районунда мамлекеттик, партиялык саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин урматына мугалимдер арасында анын өмүр таржымалын сахналаштыруу боюнча сынактын финалдык туру өттү. Бул сынак анын жасап кеткен эмгектерин кийинки муунга жеткирүү максатында жаштар жана Кочкор райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган, деп билдирди аймактык кабарчы.

Кочкор райондук маданият үйүндө аймактык турдан жеңип чыккан Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы, К.Темиров, Т.Курткаев атындагы, Оро-Башы, Ак-Жар орто мектептеринин өкүлдөрү катышты. Сынакта Оро-Башы орто мектебинин жамааты Турдакун Усубалиевдин төрөлүшүн, балалык курагын, Таалайбек Курткаев атындагы орто мектебинин жамааты студенттик күндөрүн, болочок өмүрлүк жары Кулжаке Ниязалиевна менен таанышып, жалындаган сүйүү учурун сахналаштырып көрсөтүштү.

Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын жамааты Т.Усубалиевдин кызматка барып, союз учурунда борбордон Соң-Көлдү Фергана өрөөнүндөгү пахтаны сугаруучу суу сактагыч кылуу боюнча сунушка каршы чыгып, Соң-Көл көлүн сактап калганын чагылдырып беришти. Кайып Темиров атындагы орто мектеби Т.Усубалиевдин кызматтан алынган учурун, Ак-Жар орто мектебинин жамааты Турдакун Усубалиевдин кызматтан кеткенден кийин Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда аткарган иштерин сахнада сүрөттөп көрсөтүштү.

Калыстар тобунун жыйынтыгы менен:

- 1-орунду ээлеген Ак-Жар орто мектеби Алматы шаарына бир күндүк эс алууга жолдомо;

- 2-орунду ээлеген Н.Жүндүбаев атындагы мектеп-гимназиясы Алматы шаарына эс алууга жолдомо;

- 3-орунду ээлеген Оро-Башы орто мектеби Ысык-Көлгө 3 күндүк эс алууга жолдомо;

- 4-орунду ээлеген К.Темиров атындагы орто мектеби Ысык-Көлгө 3 күндүк эс алууга жолдомо;

- 5-орунду ээлеген Т.Курткаев атындагы орто мектеби 5000 сом менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга Кочкор райондук администрациясынын, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн, «Кочкор жаштар кеңеши» коомдук бирикмесинин ардак грамоталары, ыраазычылык каттары тапшырылды. Мыкты аткаруучу наамын алышкан Кызыл-Дөбө орто мектебинин мугалими Урмат Орозалиев, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин мугалими Үмүт Алиева Алматы шаарына эс алууга жолдомо алышты. Кочкор районунан чыккан белгилүү ырчылар концерттик программа тартуулашты.

Мындан мурда Кочкор районундагы мамлекеттик саясий, партиялык ишмер, Кыргызстан КП БКнын 1-секретары болуп чейрек кылым иштеген Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата мектептер ортосунда Т.Усубалиевдин өмүр таржымалынан, кыргыз мамлекетинин калыптанышына кошкон салымын, борбор калааны социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдөгү зор эмгегин, өлкөнү индустриялаштыруу, машина куруу өнөр жайын өнүктүрүү, электростанцияларды куруу боюнча ишмердүүлүгүн, саясий чечимдерин сахнада кыска убакытта ачып көрсөтүү сынагы өткөрүлгөн.

Сынакка райондогу 34 мектептен 23 жаштан 45 жашка чейинки мугалим катышып, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы, К.Темиров, Т.Курткаев атындагы, Оро-Башы, Ак-Жар орто мектептери жеңүүчү болуп табылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×