Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.11.2019 10:19

Ат-Башыда агасынын кучагында каза болгон жигит же майордун туулган күнүндөгү каргашалуу окуя

Turmush -  Ары татаал, ары жооптуу кызматты аркалаган, тактап айтканда ички иштер органдарында 21 жылдан бери эмгек өтөп келе жаткан Талант Ашырбаев бул кызматты улуу агаларынан таасирленгенден улам тандаганын айтат. Ал иш учурундагы окуяларын айтып берди.

«Көп эле кылмыштардын бетин ачууга аракет кылдык. Ошолордун ичинен бир тууганын өлтүрүп алган адамдын каргашалуу окуясы эсимден кетпейт. Себеби, ошол күнү менин туулган күнүм эле. Ат-Башыда нөөмөттө да болчумун. Анда сөз башынан болсун.

2011-жылы 24-февраль күнү 30 жаштагы инимди өлтүрүп алдым деп 40 жаштагы киши келди. Экөө бир үйдө жашашчу экен. Ал күнү экөө тең ичимдик ичишиптир. Андан кийин иниси коркуткан экен. Ошондо агасы коргонуу максатында аны бекем кучактап өлтүрүп алган экен. Кучактаган учурда маркумга аба жетпей калган.

Агасы кылганына өкүндү, туугандары деле кечиребиз дегендей кылды. Бирок кылмыш жасагандан кийин мыйзам чегинде жооп бериши керек. Ал адам 6 жыл эркинен ажыратылып, жазасын өтөдү», - деди ал.

Талантбек Ашырбаев 1974-жылы 24-февралда Фрунзе шаарында туулган. 2016-жылдын май айынан тартып Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси кызматын аркалап келет.

«Кичинемде Ат-Башы районунда чоң ата, чоң эне жана таята, таенемдин колунда өстүм. 1991-жылы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылындагы Киров атындагы орто мектебин бүтүрдүм. Мектепте окуп жүргөндө "Милиция кызматкери болууну кыялданам" деген темада дилбаян жазгам. Биздин көчөдө милиция кызматында эмгектенген агалар жашачу. Азыр алар полковник болуп, ардактуу эс алууга чыгышкан. Ошол кишилерден таасирлендим.

Жогорку окуу жайда окуйм деген максат менен Бишкек шаарындагы Айыл чарба институтуна бардым. Бирок өтпөй калдым. Бош жүрбөйлү деген максатта, №3 кесиптик окуу жайдан ширетүүчү адистигин алдым. Автомобиль-жол куруу техникуму бар. Ал жакта 2,5 жыл окудук. Андан соң ошол кездеги жашоонун кырдаалына жараша соода-сатык жана башка ишкерлик менен алек болдук. Айылда милиция кызматкери болуп иштеген байкелерден кеңеш алдым.

1991-жылы август айында Кадрларды кесипке кайра даярдоо борборуна барып, кенже курамда окудук. Андан соң Нарын облустук ички иштер бөлүмүнө келдик. Ал кезде Нарын району менен Нарын шаары бир бөлүмгө карачу. Ошол жерде кайгуул күзөт кызматында иштедим. Эң алгачкы жетекчим Акылбек Молдобаев деген полковник болгон. Ал киши жакшы таалим-тарбиясын берди. 1999-жылы Ат-Башы районуна техник-криминалист деген кызматка келдим. Кийин техник-криминалист кызматынын штаты кыскарганына байланыштуу 2000-2007-жылдары Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүндө нөөмөтчүнүн жардамчысы болдум. 2000-жылы ИИМдин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясынын сырттан окуу бөлүмүнө барып, аны 2006-жылы аяктадык. 2007-жылы Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнүн аймактык инспектору болуп дайындалдым. Ошентип офицердик наамды Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүнөн алдым.

2008-жылы Торугарт милиция бөлүмчөсүндө аймактык инспектор болуп 1,5 жыл иштедим. Ошол эле бөлүмчөдө 1 жыл тергөөчү болуп иштегем. 2011-2013-жылдары Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө ага тергөөчү болуп эмгектендим. 2013-2015-жылдары Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн Казыбек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси болдум. 2015-жылдын апрель айынан тарта Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркаладым. 2016-жылдын май айынан бери ротация аркылуу Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, коомдук коопсуздук кызматынын башчысы кызматын аркалап келем», - деди ал.

Милиция кызматкери үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кызы бар.

«2000-жылы Ат-Башыга келип, Гүлмира Жеңишбек кызы менен таанышып калдым. Экөөбүздүн жашоого болгон көз карашыбыз бир болгондуктан ошол эле жылы 13-ноябрда баш коштук. Жубайым медицина кызматкери, экөөбүз 3 уул, 2 кыздуу болдук. Эң улуу уулум Нарын шаарындагы юридикалык колледжде 3-курста окуп жатат. Балдарым, кыздарым дагы милиция кызматкери болууну максат кылып жатышат», - деди ал.

Талантбек Ашырбаев 2007-жылы лейтенант, 2014-жылы майор наамын, «Кыргыз милициясына 90 жыл» юбилейлик медалын алган, 1-2-3-даражадагы «Азамат» медалынын ээси.

«2007-жылдары Ат-Башы районунда көп кабаттуу үйдө үй-бүлөбүз менен жашачубуз. Ошол маалда Баш-Кайыңды айылдык милиция бөлүмчөсүндө аймактык инспектор болуп иштечүмүн. Тургундарга жакыныраак болсун деп ошол үйгө көчүп баргам. Ошол убакта 8 айылды күн-түн кыдырып иштечүбүз.

Бир күнү үйгө келсем келинчегим “бирөөлөр урушкан экен. Келип кетишти. Кимдер экенин билбейм” деди. Ал кайдан келгенин, ким экенин да сурабай калган экен. Аялыма “келген кишилерди кабыл алып, чай берип, жакшынакай сүйлөшүп кой. Аты-жөнүн, кайдан келгенин сурап жүр. Ал адам милицияга билдиргем, бирок жыйынтык болгон жок деп айтат" дедим. Ошондон кийин келинчегим биздин ишти бир аз билип калды. Аны аймактык милициянын катчысы катары иштеттим (күлүп).

Ошол эле жылдары айылда иш бөлмөлөрү жетишсиз болгон. Өзүбүз жашаган үйдө ылайыктуу шарт бар болчу. Баарын ойлонуп, короонун ичиндеги бир тамды оңдоп, жарандарды кабыл алып баштагам. ИИМден атайын комиссия келип, көрүп кетишкен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×