Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 31.10.2019 17:53

Чачы менен сүйдүргөн Сыймык же аны көргөн кардардын көз жашы

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын 20 жаштагы тургуну Сыймык Ниязбеков көп жылдан бери футболдон гана ийгиликтерди жаратпастан узун чачы менен көпчүлүктү таң калтырып келет. Аны менен аймактык кабарчы кызыктуу маек курду.

Ал учурда Кыргызстан эл аралык университетинде сырттан билим алууда.

«Айылыбыздагы Акматаалы Карыбек уулу атындагы №2 орто мектебинен билим алып, азыркы тапта шаарыбыздагы Кыргызстан эл аралык университетинде сырттан окуп жатам. Учурда футбол ойноо менен алектенип, команда менен ийгиликтерди жаратып, "Мыкты чабуулчу", "Мыкты оюнчу" аталып, бир топ сыйлыктардын ээси болдум. Албетте бул ийгиликтерге жалгыз өзүм жетиштим деген ойдон алысмын. Учурдан пайдаланып айта кетсем, биринчи машыктыруучум Шапат Абдыков агайга жана байкем Мирбекке ушул деңгээлге жеткиргенине ыраазымын.

Бир тууган агам Мирбектин ойногонун көрүп, ошондон улам футболчу болууну чечип, 3-класстан бери ойноп келем. Азыркы учурда "Жакшылык-Илбирс" командасынын мүчөсүмүн. Ошондой эле менин Аршавин деген каймана ысымым бар жана өз ысымымды көпчүлүк билбейт. Аршавин аталып калганымдын себеби, 4-классымда алгачкы ирет мелдешке чыккам. Ошондо байкем мага "футболду таштаба" деп дем-күч берип, Андрей Аршавин деген жазуусу менен футбол формасын белекке берген. Айылдаш байкелер ысымымды билбей, аркамдагы жазуу менен Аршавин деп аташып, учурда мени Аршавин деп таанышат. Алдыда футбол боюнча башка өлкөлөргө барып, легионер катары ойноп, өзүмдүн күчүмдү сыноону пландоодомун», - деди ал.

Сыймык Ниязбеков: «Өзүмө өзгөчөлүк киргизүү үчүн жана мушкер Константин Цзюнун чачын көрүп өстүрө баштагам. 10 айдан бери 15 см болуп өстү. Албетте, көпчүлүк "бизде качан ушундай бар эле?" деп жаман көрсө, кээ бири кызыгып, таң калышат. Негизи шариат боюнча мырзаларга чачты желкеге чейин өстүрүп, өрүп жүрүүгө уруксат берилиптир. Төбөдөгү чачты кыргызча айдар чач деп атап коюшкан экен. Ошондон улам көпчүлүк эл "атың Айдарбы? Эмне үчүн чачыңды өстүрөсүң?" деп кызыгып суроо узатышат. Чач өстүрүүмдү ата-энем, бир туугандарым туура кабыл алып, каршы болгон эмес. Бир гана эжем каршы чыгып, "көргөн жерден чачыңды алам" деп урушкан күндөр болгон.

Чачымды өстүрүп баштагандан бери кыздарды жакшы түшүнө баштадым. Себеби чачка кам көрүүгө көп убакыт сарпталат экен. Чачым менен көп кызыктуу окуяларга кабылып келем. Бош убактымда ресторанда иштейм. Жумуш үстүндө жүргөндө ресторанга жубайлар жана 2 жаштагы кызы менен келип калды. Кичинекей кыз менин өрүлгөн чачыма кызыгып кармап көрүп, бир маалда апасына "менин чачым эмнеге мындай эмес?" деп ыйлай баштаты. Апасы мага "кызым сенин чачыңды көрүп кызыкты. Анын чачын эми өстүрө баштайм" деди. Коомдук транспортто кетип бара жатканда кыздар чачыма кызыгып, кармап жиберишет. Кээде "өрүп берейинби?" дегендер кездешет. Бирок чачымды өзүмдүн чачтарач эжеме гана өрдүрөм. Сүйлөшкөн кызым чачымды өстүрүп баштаганда ачууланып, каршы болгон. Бирок өскөндөн кийин ага жагып, мени мурдагыдан да жакшы көрө баштаган», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×