Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2019 17:00

Тоголок Молдо айылында 65 жыл мурун курулган оорукананын учурдагы абалы. Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты эски болгондуктан үстүнөн тамчы агат.

Аталган айылдагы ҮДТнын имараты 1954-жылы мектеп үчүн курулган. Кийин бул имарат айылдык аймактык оорукана катары пайдаланууга берилген.

«Имаратыбыз эски болгондуктан ишибизге абдан эле кыйынчылык жаратат. Имараттын чатыры шифер менен жабылып турат. Анын көп жери сынган, тешик. Жаан-чачын учурунда ичине тамчы кирет. Жылуулук системалары эски. Шыбактары жарака кетип, сыйрылып түшүүдө. Толук оңдоп-түздөөгө бери дегенде эле 3 млн сомдун айланасындагы каражат сарпталат. Дем берүүчү грант же башка каражат булактарын таап оңдобосок абалы кыйын», - дешет дарыгерлер.

Имараттын абалы менен район акими Сейтек Кулубаев таанышып, аракеттер көрүлө турганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×