Бөлүмдөр
Жума, 22-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2019 15:26 На русском

Ак-Талаада 2,3 млн сомго кичи футбол аянтчасы курулууда (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылында 2 млн 333 миң сомго кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн адиси Калыбек Абдиевдин айтымында, аянтча атайын гранттын эсебинен курулуп жатат. Анын тендердик баасы 2,333 млн сомду түзөт. Учурда курулуш иштеринин 60 пайызы бүткөрүлгөн жана аянтча ноябрь айынын соңунда пайдаланууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×