Бөлүмдөр
Жума, 15-ноябрь
Нарын облусуЖумгал району 31.10.2019 16:02 На русском

«Боорунун төрт эле пайызы калган»: Белгилүү куйкум сөзмөр Куйручуктун чөбөрөсү оор абалда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чаек айылынын 46 жаштагы тургуну Куйручукова Нургүл Ашымовна жардамга муктаж. Анын бир күндүк дарылануусуна 3 миӊ сомдон 10 миӊ сомго чейинки каражат керек. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын туугандары билдиришти.

Нургүл Куйручукова кыргыз элине олуя жана куудул катар таанылган Кудайберген Өмүрзак уулу, тактап айтканда Куйручуктун чөбөрөсү.

«Эжебиз боордун альвеококкоз дартына кабылып, 5 жылдан бери дарыланып келет. Бул дартка чалдыкканына 10 жылдай болуптур. Убагында маани бербей жүрө берген. Учурда Бишкек шаарындагы М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда дарыланып жатат. Дары-дармеги өтө кымбат. Болгон мал-мүлкүн сатып бүттү. Эми айлабыз кетип элден жардам сурап жатабыз. Боордун 4 эле пайызы калган. Бирок анда дагы курт бар экен. Боорду толугу менен алып салууга мүмкүн эмес», - дешет Н.Куйручукованын жакындары.

Н.Куйручукова 1973-жылы 1-апрелде төрөлгөн. 3 уул, 2 кыздын апасы.

«Куйручук атанын Мухаммед деген бир уулу болгон. Мухаммед Ашым аттуу уулдуу болгон. Биз Ашымдын балдарыбыз. Нургүл эжебиз айылда мал-чарба менен эле алектенип жүрчү», - дейт Нургүл айымдын бир туугандары.

Нургүл Куйручуковага жардам берүү үчүн 0708 506 774, 0708 546 300 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Маалымат катары:

Кудайберген Өмүрзак уулу куйкум сөзмөр, олуя, куудул, ырчы болгон. Ал кыргыз элине Куйручук деген ат менен таанымал.

Кудайберген Өмүрзак уулу энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан баштап байларга жалданып иштеп, турмуштун азабын көп тарткан. Ошондуктан коомдогу жакшы менен жаманды, карама-каршылыктарды, келишпестиктерди ажыратып, аларды сергек кароого үйрөнгөн. Өз чөйрөсүндөгү бай-манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеген.

Анын «Бейиштеги үн», «Арбак», «Айып кимде», «Жалаа», «Манасым барда кайда болсо коном» жана башка жоруктары эл арасына кеңири белгилүү. Куйручук куудул гана эмес, төкмө акын да болгон. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын билген, кепке уста, чечен болгон дешет. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен эмес. Бирок акылы, тамашакөӣлүгү менен эл арасында, тарыхта калган инсан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×