Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 31.10.2019 10:41

Видео — Эки айда 27 китеп окуган Баатырбек

Баатырбек Марсбек уулу
Баатырбек Марсбек уулу

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын 15 жаштагы тургуну Баатырбек Марсбек уулу эки айда 27 китеп окуду. Бул тууралуу ал Ысык-Көл облусунун Түп районунда өткөн «Китепкөй муун — жаркын келечек» иш-чарасында билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Өзүнүн айтымында, ал Кош-Дөбө айылындагы Эргеш Мейманов атындагы орто мектепте 10-класста окуйт.

«Алгач «Ойлон, ойгон» деген китепти окудум, андан кийин Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романын, андан соң улуу жазуучу Ч.Айтматовдун «Тоолор кулаганда» деген чыгармасын окудум. Бул жазуучунун бардык чыгармаларын окуп чыккам. Эки ай аралыгында жалпы 27 китеп окуптурмун. Учурда акын Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» китебин окуп жатам», - дейт окуучу.

Баатырбек уюлдук телефон колдонбой турганын айтты.

«Мектептердеги жыйындарда окуучуларды китеп окууга үндөп келем. Анткени, китеп окуган адамдын дүйнө таанымы кеңеет, руханий байлыгы өсөт. Ата-энем дагы китеп окуганды жакшы көрөт. Мен уюлдук телефон колбонбойм жана социалдык түйүндөргө дагы кирбейм», - деди ал.

Баатырбек үй-бүлөдө 4 бир тууган. Ата-энеси мугалим болуп эмгектенет. Ал чоң ата, чоң энеси менен жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×