Бөлүмдөр
Бейшемби, 14-ноябрь
Нарын облусуНарын району 22.10.2019 10:06 На русском

«Байбичемден башканы кучактай албайм»: Кожожаштай аскада калган М.Сулаймановдун окуясы

Муканбет Сулайманов
Муканбет Сулайманов

Turmush -  Муканбет Сулайманов 58 жашта, убагында жылкычы болуп иштеген. Ал ошол кездеги аянычтуу окуясын аймактык кабарчыга айтып берди.

Муканбет Сулайманов Нарын районуна караштуу Кеңеш айылынын тургуну. Анын учурда 2 кыз, 1 уулу, 4 небереси бар.

«Анда-санда мергенчилик кыла койчумун. Байбичем мындан 3 жыл мурун каза болду. Балдарым аял алып берели дейт, “жок” дедим. Себеби, байбичемден башканы кучактай албайм.

1991-жылы теңтуштарым менен мергенчилик кылып, Ак-Зоо деген жайлоонун аскасына кызыгып өзүм жалгыз чыгып кетиптирмин. Караңгы кирип кетип, таштардын арасынан чыга албай калдым. Азыр ал жер Жети-Өгүз районуна карайт. Жанымда жарык берүүчү жабдык жок. Ал болгон күндө деле кайра түшө алчудай эмесмин, төмөн жактын аягы көрүнбөйт. Корктум, үшүдүм. Кийгеним футболка, анын сыртынан жука костюм. Үшүгөнүмдөн эки далымды ташка сүйөдүм. Таң атпайт, убакыт өтпөй койду. Күн тийгенде уктап калыптырмын. Таштын арасында калып калганда Кожожаш бул жакта эле калат турбайбы деген ойго келдим. Ошентип араң дегенде төмөн түштүм. Ошондо 2 теңтуш балам бар болчу. Бирөөсү “сен зоодон түшүп келе жатканда атып салгым келди” деп айтты. Себеби мен түшүп келе жаткан зоо абдан тик, анан бийик болчу. Учуп өлүп калабы деп коркушуптур», - деди мурунку мергенчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×