Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Нарын облусу, Нарын 16.09.2019 14:45 На русском

Нарын шаарында кагышкан үч унаанын бири талкаланды. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 13-сентябрда кечки саат 21:30 чамасында соода борбордун тушунда болгон. Бир унаанын алдыңкы тарабы жараксыз абалга келген. Жол кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылдын 13-сентябрында саат 21:00 чамасында милиция кызматкерлерине Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун тез жардам кызматынын диспетчери А.Ө. Нарын шаарындагы соода борборунун алдында болгон жол кырсыгы тууралуу билдирген. Аталган дарекке ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан соода борборунун алдынан 3 автоунаа кагышканы маалым болгон.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бүгүнкү күндө териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деп билдирди аталган түзүмдөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×