Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусуНарын району 11.09.2019 08:55 На русском

Сүрөт — Нарында 1 таңгак чөп канча сомдон сатылууда?

Turmush -  Нарын районунда 1 таңгак чөп 200 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Нарын районунда учурда чөптүн экинчи чабыгы жыйналып жатат. Жашоочулардын айтымында, чөптүн баасы жылдагыга салыштырмалуу кескин жогорулады. Биринчи чабыкта чөптүн 1 таңгагы 180 сомдон сатылган. Экинчи чабыкта 1 таңгак чөптү дүң баада 195 сомдон сатып алууга болот. Чөп сатып алуучулар бааны ортомчулар жогорулатып жатканын айтышты.

«Малдын саны жылдан-жылга көбөйүп жатат, ошондуктан ортомчулар ортодон пайдаланып жатышат», - дейт чөп сатып алуучу.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аба ырайы сууктап, быйыл кыш узакка созулса, чөптүн баасы мындан да жогорулашы мүмкүн.

Өткөн жылы 1 таңгак чөп 100-120 сомдон сатылган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×