Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 09.09.2019 21:00

Комузду кантип сактоо керек? М.Көбөгөновдун жообу

Туратбек Көбөгөнов
Туратбек Көбөгөнов

Turmush -  Муратбек Көбөгөнов Кочкор районундагы жергиликтүү тургундардын комуздарын оңдоп берет. Ал аймактык кабарчыга комузду сактоонун эрежелерин айтып берди.

Муратбек Көбөгөнов белгилегендей, көпчүлүгү комузду жакшы сактай албай үнүн да, өзүн да бузуп алат.

«Өрүктөн чабылган комузга күндүн нуру коркунучтуу. Күн катуу тийгенде капкагы кургап, жарылып кетет. Ошондуктан өрүк комузду жылыткычтын жанына, терезеге коюуга болбойт, көлөкөдө сактоо керек. Бул комуз суудан коркпойт. Себеби, комуздун жыгачы майга мыктап сугарылат.

Ал эми башка жыгачтан жасалган комуздарды тескерисинче суудан сактоо керек. Жыгач көөп калса комуздун сыны кетип, үнү да бузулуп калат. Мындай комуздарды кургак жерде сактоо зарыл. Ным жерде туруп калса жыгач көөп, кылдары бошоп, кулактарын бураганда күч келип сынышы мүмкүн. Мындан тышкары кылдарды да туура тагуу керек. Ичке кылдар комуздун үнүн чыңкылдак кылып чыгарат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×