Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 16.09.2019 23:01

Айыл турмушу: 50 жашында билим алган Г.Сапалованын 170 сомдон башталган бизнеси

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айылынын тургуну Гүлан Сапалова 64 жашта. Ал ардактуу эс алууга чыккандан тартып кол өнөрчүлүк менен алектенип, ишкер айымдардын катарын толуктап келет. Уз айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлан Сапалова 1955-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окуп, билим алган. Ал эмгек жолун катчы-машинист кызматынан баштаган. Кочкор райондук мамлекеттик салык кызматында иштеп, III даражадагы кеңешчи, салык кызматынын отличниги болгон. 50 жашында юридикалык билим алууга да жетишкен.

170 сомдон башталган ийгилик

- Жашоо биз ойлогондон да татаал. Мен жашоодогу ийгиликтерге жөн гана жете калган жокмун. Ар бир ийгиликтин артында сөзсүз кыйынчылык турат. Турмушка чыгып, балалуу болгондон кийинки убакыт союз тараган жылдарга туш келип калды. Ушул убакта элге кризис келди. Мына ушул кырдаалдан чыгуу максатында тигүүчү болуп иштеп баштадым. 170 сомго кийимди 16 түрдө тиккен машина сатып алгам. Ушул машина менен кийим тигип, буйрутма алып иштеп баштадым. Балдарымды уктатып коюп, таң аткыча 5-6 көйнөк тикчүмүн. Мына ушул тигүүчүлүктүн артынан салык кызматына 1995-жылы жумушка орношуп калдым. Бул учурда деле тигүүчүлүктү таштаган жокмун.

Кол өнөрчүлүккө кайтуу

- Эс алууга чыккандан кийин бала кездеги узчулук өнөргө кайттым. Кийизден өзгөчө баш кийим жасап көрүүнү ойлоп жүрдүм. Кийин өзүмө кийизден улуттук колоритте баш кийим тигип, жасаган эмгектеримди соцтармактарга жайгаштырып койдум. Соцтармактар аркылуу буйрутма беришип, Кыргызстан аялдар конгресси уюштурган көргөзмөгө чакырышты. Колумдан чыккан эмгектерди алып бардым. Андан ары ал эмгектерди Париждеги көргөзмө алып кетишти. Ал жерде мен жасагандар көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуптур. Эмгектеримди ушинтип эл баалап жаткан учур. Кийизден жасалган билерик, шакектерди да көргөзмөгө алып барсам кытай улутундагы айымдар сатып алышкан.

Калпактарга же азем буюмдарга сайманы өз колум менен сайып чыгам. Сайма саюуну үйрөнгүсү келген жаштар бар. Аларга да үйрөтөм. Кийиз жылуу жана кооздук тартуулайт. Сайма сайганда нервим эс алып калат. Ар бир жасаган эмгегиме жакшы каалоо-тилектерди айтып жасайм. Көл өнөрчүлүк менин чакан киреше табуучу булагым десем да болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×