Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусу, Нарын 09.09.2019 11:06

Нарында күч органдарынын кызматкерлери волейболдо беттешти

Turmush -  Нарын шаарында мекеме-ишканалардын командаларынын арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага 8 команда катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношту. Тайпанын жеңүүчүлөрү финалдык мелдеште көрүүчүлөргө кызыктуу оюн көрсөтүштү. Анда УКМКнын облустагы башкармалыгынын жана ОИИБдин командалары беттешип, УКМКнын облустагы башкармалыгы 3:2 эсебинде атаандашын жеңилүүгө аргасыз кылды. Жыйынтыгында 1-орунду аталган башкармалык камсыз кылса, экинчи орунду ОИИБдин, үчүнчү орунду волейбол боюнча Нарын федерациясынын командасы ээлешти. Жеңген командаларга тиешелүү даражадагы диплом жана оюнчуларга баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×