Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 09.09.2019 10:30

Митингге чыккан ак-талаалыктарга жол министри кандай убада берди? Видео

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болуп митингге чыккан жергиликтүү тургундар менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов жолугушканын аймактык кабарчы билдирди.

5-сентябрь күнү Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болгон 6 айылдын жашоочулары райондук мамлекеттик администрациянын алдына чогулуп, тынчтык митинг өткөрүшкөн. Алар менен район акими Нурбек Молдокадыров, райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков жолуккан. Тургундар аталган жолго асфальт төшөө жана өкмөт башчы менен министрдин келишин талап кылып, тарап кетишкен болчу.

6-сентябрь күнү министр Ак-Талаага иш сапары менен келди. Аны 6 айылдын жергиликтүү тургундары Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун чордонундагы Ала-Буга дайрасында кулап калуу коркунучунда турган чоң көпүрөдөн тосуп алышты. 15-20 мүнөттүк сүйлөшүүдөн соң нааразы болгон жашоочулар менен келген өкүлдөр Кош-Дөбө айылдык клубунун ичинде жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар 90 чакырым узундуктагы Баетов—Кош-Дөбө жолуна асфальт төшөө, райондук №15 жол тейлөө ишканасына кошумча 1 жол сүрдүрүүчү (грейдер) техника берүү, Ала-Буга дайрасындагы чоң көпүрөнү оңдоону талап кылышты. Андан сырткары Кош-Дөбө айылынан тарта Казарманга чейинки унаа жол кароосуз калгандыгын, аны дагы оңдоо зарыл экенин билдиришти.

Министр Ж.Бейшенов кызматка дайындалганына аз гана убакыт болгонун, 2019-жылдын пландары ал кызматка келе электе эле бекип калганын билдирди. Ошондой эле 90 чакырым аралыктагы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолу өтө чоң долбоор болгондуктан ага көп каражат сарптала турганын, ал үчүн ири инвестор керектигин белгиледи. Ал эми Ала-Буга дайрасындагы чоң көпүрөнү оңдоо боюнча долбоор даяр экендигин, кийинки жылы иш баштала турганын кошумчалады. Андан сырткары 2019-жылдын планына Ак-Талаа районундагы 8,5 чакырым жол киргенин, ал бүгүнкү учурда асфальтталып жаткандыгын, кийинки жылы дагы 3 айылдын ички жолдоруна асфальт төшөө иштери улантыла турганын айтты. Мындай жоопко ынанбаган жергиликтүү жашоочулар айылдардын ичине асфальт төшөөнү токтотуп, негизги жолду оңдоо керектигин билдиришти.

Эки тарап бир пикирге келе алышпай, жаштар «маселе чече албасаңыз, келбей деле койсоңуз болмок» деп ордунан туруп сыртка агылышты. Бирок район акими Нурбек Молдокадыров ачууланган жашоочуларды сабырдуулукка чакырды. Ары-бери тартышып жатып, акыры министр нааразы болгондордун талабын аткарууга аргасыз болду. Кийинки жылга 5 же 10 чакырым жолго асфальт төшөтүп берүүнү, ошону менен акырындык менен ишти башташа турганын убада кылды. Бирок 90 чакырым жолго 1-2 жылдын ичинде асфальт төшөөгө мүмкүнчүлүк жок экенин баса белгиледи.

3 сааттай убакытка созулган жыйын министрдин убадасы менен аяктады. Ал эми нааразы болгондор министрдин ишине ийгилик каалап, бата берип узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×