Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуНарын району 08.09.2019 11:39

Контейнерлерде окуган окуучулардын үнү. Видео

Turmush -  Нарын районуна караштуу Дөбөлүү айыл аймагынын Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектеби 1973-жылы курулуп, бул жылдар аралыгында бир дагы жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Мектептин директору Самара Турусбекованын айтымында, бул окуу жай 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан пайдаланууга жараксыз деп табылган. Бирок жаңы мектеп курууга бюджетте каражат жок болгондуктан окуучулар өмүрүн тобокелдикке салып, эски имаратта билим алып келишкен. Бул окуу жылында мектеп толук жараксыз абалга келип калгандыгына байланыштуу убактылуу алты темир контейнер коюлган.

Аталган мектепте жалпы 172 бала окуйт. Анын 100 окуучусу контейнерлерде эки нөөмөт менен билим алып жатышат. Андагы бөлмөнүн узундугу 6 метр, туурасы 2 метрди түзөт. Мектептин кыргыз тилчи мугалими Венера Өмүрованын айтымында, окуучуларга да, мугалимге да бөлмөлөр тар болууда.

«Учурда 6-класстарга кыргыз адабияты сабагы өтүлүп жатат. 2 сабакты удаа өттүм. Күн ысык болгондо бөлмөнүн ичи үп болуп, эшик-терезелерди толук ачканга туура келип жатат. Ичи бир башкача жыттанып турат. Таң эрте сабак жаңы башталганда ичи суук эле болот экен. Балдардын тактага чыгып көнүгүү иштөөсүнө өтө эле ыңгайсыз. Анткени тактанын түбүндө эле мугалимдин партасы да орун алган. Мугалимдерге да, окуучуларга да ыңгайсыз. Айла жок. Мындай ыңгайсыздыкка карабастан билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай окуп жатабыз. Муну түшүнгөндөр да, түшүнбөгөндөр дагы бар. Айрымдар сын дагы айтып жатышат. Бирок биз билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпай, кандай жагдай болбосун алып кеткенге аракет кылып жатабыз», - дейт ал.

Мугалим Сайрагүл Орозакунованын айтымында, контейнердин 1 бөлмөсү 10 гана окуучуга ылайык болгонуна карабай жыйырма окуучу тыгылып окушат.

«Мектебибиз авариялык абалда болгондуктан жергиликтүү бийлик билим берүүнү үзгүлтүккө учуратпайлы деген максатта мындай контейнерден мобилдик үйлөрдү курап беришти. Буга карабастан балдар билим алып жатышат. Бирок баары бир сапаттуу билим берүү эмес деп эсептейм. Анткени бүгүнкү күндүн талабына ылайык билим алууда окуучулар жуптар, топтор менен иштөөдө абдан кыйналышууда. Нарындын климаттык шартын баары эле билишсе керек. Ысыкта күн ачуу тийип, темир контейнер ысып, балдар 45 мүнөттүн ичинде чыдабай, суусап, сабакты үзгүлтүккө учураткан учурлар болууда. Суук болгондо кыйын эле болсо керек. Балдарга эле эмес, мугалимдерге дагы кыйын. Бир класс 10 гана окуучуга туура келет экен. Андан ашык окуучу болсо аябай эле тыгылып, кыйын болуп жатат», - дейт Сайрагүл Орозакунова.

Мобилдик үйдө билим алып жатышкан окуучулардын айтымында, эски мектепке караганда бул темир бөлмө жакшыраак.

«Эски мектебибиз аябай эле кооптуу болчу. Мугалимдер, чарба кызматкерлери бизди "акырын баскыла, чуркабагыла, басып калбасын" деп күндө эскертишчү. Албетте, баарыбыз эле коркчубуз. Кээде абалын көрүп уялып да жүрчүбүз. Ал эми контейнерден салынган мектеп жөнүндө айтсам, ал өтө эле кичинекей. Эптеп тыгылып кирип чыгабыз. Ичи дагы үп болуп кетип жатат. Терезеси дайыма ачык, дем жептей калганда эшигин дагы ачтырабыз. Ар бир сабактан кийин бир маал эшикке чыгып жатабыз. Албетте жоктон көрө жогору. Эски мектебибизге караганда темир болсо да контейнер коопсуз жана жакшыраак. Буюрса жаңы мектебибиз курулуп бүткүчө окуй турабыз да», - дейт окуучулар.

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын Нарын облусундагы өкүлү Тойгонбай Жаанбаевдин билдиргенине караганда, бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилет.

«Балдардын укуктарын коргоо максатында мониторинг жүргүзүп жатам. Негизи жалпы мектептерге көзөмөл жүргүзүп туруу боюнча атайын пландарыбыз бар. Балдардын тамак-ашынан тарта алардын тарбияланышына чейин көңүл буруп турабыз. Кемчиликтер болуп калса, мектеп директоруна айтып, райондук билим берүү бөлүмүнө билдирип жойдурууга аракет кылабыз. Акыйкатчынын өкүлү катары бүгүн келип көрүп отурам. Мага деле абдан оор болуп жатат. Мектептин ичин дагы көрүп чыктык. Мага түшкөн маалыматтар боюнча, 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан корутунду чыгып, жараксыз деп табылган экен. Бирок ошого карабай окуу процесси уланып, 2017-жылы прокуратура тарабынан чечим келип, окутууга тыюу салынган.

Айтайын дегеним, мектеп курууга чоң акча талап кылынат. Нарын дотациядагы облус болуп саналат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү деле колунан келгенин жасашкан. Мектеп жетекчиси дагы 2015-жылдан бери кайрылчу жерлерге кайрылып келген. Жогорку Кеңеште дагы бул мектеп тууралуу маселе көтөрүлгөн экен. Билим берүү министри дагы жаз айларында келип, өз көзү менен көрүп, быйылкы бюджетке кирет деп убада берип кетиптир. Бул маселе жергиликтүү бийликтин деңгээлинде эмес, өкмөттүк деңгээлде чечилүүчү маселе. Болбосо мындай абалга туш келбейт болчубуз. Жергиликтүү бийлик колдон келгенин жасап, балдар убактылуу болсо дагы мектеп менен камсыз болуп окуп жатышат. Эми бул айла кеткендин оокаты. Албетте мобилдик мектептин шарты талапка жооп бербейт», - деди Тойгонбай Жаанбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×