Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 08.09.2019 09:55

Кочкордо мал канчадан сатылууда? Сүрөт

Turmush -  Кочкор районунун мал базары Теңдик айылында жайгашкан. Мал базар жуманын ишемби күндөрү ачылат. Аймактык кабарчы базардагы малдын баасына кызыгып көрдү.

Кочкордогу мал базардан Жумгал, Тоң, Ысык-Көл, Чүй, Ат-Башы тараптан бери соодагерлер, кардарлар келип соода кылышат. Кардарлар базарда малдын баасы улам көтөрүлүп баратканын айтышты.

Базарда кулундуу бээ 60-65 миң сом, кунан, байтал 40 миң сом, кулундар 20-22 миң сом, тайлар 30-35 миң сом, беш-алты асый жылкы 65-70 миң сомго чейин, чоң музоолуу уйлар 50-55 миң сом, музоосу менен кунажындар 41-45 миң сом, он айлык эттүү эркек ноопастар 30-35 миң сом, 6 айлык ургаачы торпоктор 16-18 миң сом, букалар 37-45 миң сомго чейин, кысыр калган койлор семиздигине жараша 4500-5500 сомго чейин, эттүү чоң козулар 4500-5000 сом, козулар 3000-3500 сом, эчки 2,5-3 миң сомго чейин бааланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×