Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.09.2019 15:38

Ичеги-карыны жок коюлган маркум же мүрзөдөн алынган топурак

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Дыйкан айылында 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында жашаган Чоко баатырдын Бозбаштык деген жигити жана анын мүрзөсүндөгү топурактын эмне себептен азайып кеткендиги тууралуу тарых мугалими Токтобек Нарманбетов айтып берди.

Анын айтымында, сарыбагыш уруусунан Чоко баатырдын Бозбаштык деген жигити болгон. Ал адам Дыйкан деген айылда турган. Жаш кезинде өтө чоң, олбурлуу болгондуктан чоң аттар аны араң көтөрчү.

«Бир жолу Чоко Бозбаштыкка «бирөө менен мелдешип калдым, бир керекке жарап, бир тайдын этин жеп бер» дептир. Мелдешкен кишиси дагы аябай чоң тайды союптур. Бозбаштык «этин туурап бергиле» деп айтыптыр. Шарты ушундай экен. Этти жеп бүткөндөн кийин 2 карлуу жигит 2 жагынан колтуктап көтөрүп кетишиптир. Эшикке чыккандан кийин «Кара-Сууга алып баргыла» дептир. Сууга жаткандан кийин Бозбаштыктын үстүнөн кадимкидей кылкылдап май агыптыр. Бир тайды жеш оңой эмес да. Сиңирип кетиптир. Чоко ошентип жеңип кетиптир. Азыр 1 тооктун этин жеш кыйын. Кийинчерээк Бозбаштыкты ат көтөрө албай калып, өгүз минип жүрүп, андан кийин өгүз эмес өзүн-өзү көтөрө албай калыптыр. Ал кишини Арпа жайлоосуна көчүрүп барганда 2 өгүзгө жаткырып алып барышчу экен. Барганда боз үйдү тикпей туруп, керегенин үчүнчү көзүнө чейин жууркан салып, анан Бозбаштыкты жаткырып, андан кийин боз үйдүн керегесин тартчу экен. Анткени эшиктен батчу эмес экен», - деди ал.

Тарыхчы билдиргендей, Бозбаштык мал жандуу болгон. Аларды эки аялы баккан. Өзү төрдө жатып, боз үйдүн эшигин түрдүрүп коюп, «тетигини карма» деп, күнүгө үчтөн козу жечү. Үйүнөн киши дагы өксү болчу эмес.

«Конок да көп келип, берешен адам болгон экен. Кичүү кемпиринин көзүнө бир козу жакшы көрүнүп, аны абышкасынын көзүнө көрсөтпөй, сойдуртпай жүрүптүр. Бир жолу ошол козу боз үйдүн алдынан оюн салып өтүп кеткенде «карма ушуну» деп сойдуруп салыптыр. Анда, кемпири Бозбаштыкка «каапыр көзүң жаман» деп коюптур. Козуну сойдургандан кийин кемпирин чакырат. 2 кемпири келишет. Бозбаштык экөөнү таяк менен сабап, «менин көзүм барда ичип-жеп алгыла, мен өлгөндөн 2 күндөн кийин ушул малдан эч нерсе калбайт» деген экен. Чын эле ал өлгөндөн кийин туугандары 2 кемпирге ээлик кылбай малдарын талап кетишкен. Анткени бир дагы баласы болгон эмес.

Бозбаштык Арпа жайлоосунда жайдын күнү каза болуптур. Жайын казганга 10 адам барышкан. Салмагы аябай чоң болгондуктан Бозбаштыктын ичин жарып, ичеги-карынын алып, андан кийин сөөктү өгүзгө сүйрөтүп алып келип койгон экен. Өзүм көргөн жокмун, мүрзөсү майланышып, дөң аябай чоң болуп турган дешет. Бирок кийинчерээк кичирейип калды дешти. Себеби, көп киши дарылык касиети бар деп топурагынан алып кетишет экен. Мүрзөсү Дыйкан айылында. Бул боюнча мен да бирөөдөн уккам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×