Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.09.2019 11:13 На русском

Ат-башылык Азаматты көргөндөр аны менен дароо «селфилдешет». Сүрөт

Turmush -  Ат-башылык Азаматтын бою 2 метр 7 см, салмагы 97 килограмм. Ал волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойнойт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жумабеков Азамат Абдыжапарович Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында 1997-жылы 28-октябрда төрөлгөн. Жаналы уулу Абдырахман атындагы орто мектебинде окуган. Курама командага 2016-жылы кирген.

«Спорт менен бала кезден машыгам. Төлөк уулу Бекбол аттуу байкемдин арты менен ушул деңгээлге жеттим десем болот. Мени дайыма өзү менен чогуу ээрчитип жүрчү. Ошондой эле Азат Дүйшөнов аттуу агайым да көп нерселерди үйрөттү. Алгач баскетбол ойноп жүрүп волейболго кызыгып кеткем. Мектепте баскетбол ойноп жүргөн балдар волейболго өткөнбүз десем туура болот. Бул спорт менен мелдештерде өзүбүздүн кичи мекенибиздин атын коргоп келдик. Мектепти бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясына тапшыргам. Ошол учурда Ат-Башы районунун волейбол боюнча Кыргызстандын чемпионаттарында ойноп жүргөн «Улар» клубунун балдары чакырып, ошол клубда машыгып калдым. «Улар» клубунун президенти Исаев Тыныбек Абдыкеримовичке ыраазычылыгымды билдирем. Клубду көтөрүп, баарыбызга бирдей мамиле жасап келет. Ал эми улуттук курама командага 2016-жылы кирип, ушул маалга чейин ойноп келем», - деди ал.

Спортчу ийгиликтери менен дагы бөлүштү.

«Алгачкы ийгиликтерим мектеп учурунда болгон. Себеби боюмдун узундугу эрте ийгилик жаратууга шарт түздү. Боюмдун узундугуна көпчүлүк таң калышат. Көпчүлүгү мени менен сүрөткө түшүшөт.

Атам Абдыжапар Маматов мал чарбачылык менен алек, апам Сейнебүбү Абдраманова үй иштери менен алектенет. 4 бир тууганмын, 2 кыз, 2 эркек. Эжелерим үй-бүлө куруп кетишкен. Ал эми агам чек ара кызматкери.

Эч нерсеге өкүнбөйбүз, болгон нерсеге шүгүр кылабыз. Өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан жакшы эле жардам болуп жатат.

Келечекте окуумду жакшы аяктап, Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө таанытып, үлгүлүү үй-бүлө куруп, ата-энемдин ак эмгегиң актасам дейм», - деди волейболчу.

Волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азиянын зоналык чемпионатында чемпион аталышты. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын командасын 3:0 эсебинде жеңген. Ага чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын курама топторун уткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×