Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 07.09.2019 12:59 На русском

Айыл турмушу: Тайган баккан Кубанычбек Молдобаевдин жашоосу

Turmush -  Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Кубанычбек Молдобаев бала кезинен тайган багып келет. Ал Бишкектин ичинде тайган багууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан аларды шаар четинде машыктырат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Атамдын арты менен тайганга болгон кызыгуум күчөгөн

- Атам кыргыз тайгандарын багууну жакшы көрөт. Бала кезимде мага Учар аттуу тайганды алып келген. Атын дагы коюп берген. Кичинекей болсом дагы аны эркелетип багып, өзгөчө жаныбар экенин билчүмүн. Кыргыз тайганын өстүрүүгө болгон ынтызарлыгым мына ушинтип башталган. Ал кезде алардын сырын анча деле билбей багып жүрдүм. Тажрыйбалуу агаларга аралашып, тайгандардын сырын жакындан билип, мелдештерге катышып баштаганыма 1 жылдан ашык убакыт болду. Ата-бабаларыбыздын ишин улоочулардын бири болуп, тайгандарды багып өстүрүп, таптагандардын катарына кошулганыма сүйүнөм.

Негизи мен онго чукул тайган бактым. Арасында чоң тайгандар, күчүктөрү да болду. Көбүнчө мени менен чогуу жүргөн биринчи тайганым Бөрүбасар болду. Нарындан Улан деген байкеден алгам. Ал тайганым менен көптөгөн мелдештерге, салбурундарга барып, ийгиликтерге жетиштик. Андан сырткары Ызылдак, Учар, Кабылан деген тайгандарым болгон. Бөрүбасар, Кабылан аттуу тайгандарым азыр деле бар. Андан сырткары күчүктөрдү да багып жатам. Ал күчүктөрдү Көчмөндөр оюндарына даярдап жатам.

Сезимдери адамдардыкындай

- Баарына бирдей мамиле кылыш керек. Бирөөсүн чуркатып, экинчисин чуркатпай койсоң, биринчиси кадимкидей кызганат. Болбосо бирөөсүн эркелетип ойнотуп жатсаң, экинчиси да эркелеп келип калат. Өзүм Бишкекте жашагандыктан тайгандарды бул жерде багуу ыңгайсыз. Анткени алар дайыма чуркап турушу керек. Ээн-эркин жерди жакшы көрөт. Ошол себептен Ак-Бата жаңы конушунда жашаган ата-энемдин үйүнө алып барып койгом. Ал жакта жайык талаа бар. Ошол жерлерге чыгарам. Түлкүнүн терисин унаага сүйрөтүп алып тайгандарымды чуркатам. Буларды байлап койсоң тайгандык касиети жоголуп кетет. Тайгандар дайыма чуркап турганды жакшы көрөт.

Тайгандарга ата дагы, апа дагы болуп каласың

- Кызыгы, тайгандарга атасы да, апасы да болуп калат экенсиң. Бир жакка кетсең, кадимкидей сени күтүшөт. Жада калса алар ээсин өздөрүнөн да артык жакшы көрүшөт. Ал эми акылдуулугун сураба. Бала кезинен сенин жаңсооңо, буйруктарыңа көнгөн болсо жана сенин мүнөзүңдү билип алгандан кийин андан өткөн шерик жок. Мисалы, аңчылыкка чыкканда сенин буйругуңду күтүп турат. Экөөңдүн ортоңдо кандайдыр бир билинбеген байланыш болот. Ошону сезе билиш керек. Дагы бир мисал, эгер питбулдарды ээси сабап койсо, тиштеп коет. Булар адамдарга тийишпейт. «Ай, кой, жолобо» дегендерди дароо түшүнөт. «Сен тигил жактан чык, мен бул жагынан чыгам» десең анын баарын так аткарат. Үйрөтүп алсаң овчаркадан да акылдуу. Кыргыз тайгандар тоо-таштарда жакшы чуркайт. Булар канчалык күчтүү, канчалык даярдыкта экенин мергенчиликке чыкканда көрсөтүшөт. Мергенчиликке чыгып калганда жаныбарды моокумун кандыра тиштейт. Кээде мергенчиликтен жолу болбой калса, булар буулугуп калат.

Кумайык эмнеден улам Тайган болгон?

- Кайсы бир учурда тайгандын баасы кымбат болгон. Ата-бабаларыбыздан калган уламыштар бар. Бир чоң мергенчинин кумайыгы болгон экен. Күндөрдүн бир күнү кумайыктын алдынан карышкыр чыгып, экөө кармашып калыптыр. Аны көргөндөр мергенчиге айтып барышат. Карышкыр чоң экенин, кумайыктын артынан барбай, айланып алдынан чык дешет. Бирок мергенчи кумайыктын артынан барат. Кумайык ээсине алаксып кетип, аны карышкыр тиштеп салат. Ошондо кумайык бир тактыдан тайды болуп айтылып жүрүп, кумайык аты тайган атка алмашып кеткен дешет.

Келечекте…

Кудайга шүгүр, тайгандарым менен Токмок шаарында, Суусамырда, Ысык-Көлдө өткөн мелдештерден калбай, катышып келе жатам. Алдыңкы орундарга илинип жатабыз. Келечекте кыргыз тайганынын өнүгүшүнө салымымды кошсом дейм.

Өзүм 1987-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөм. Үй-бүлөлүүмүн, 3 уул, 1 кызым бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×