Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуКочкор району 06.09.2019 17:19

Сүрөт — Кочкордун Кара-Тоо айылындагы «жамачыланган» мектеп

Turmush -  Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектеби авариялык абалда. Бул тууралуу жаш активист Бакыт Бейшенбеков билдирди.

Мектеп 1927-жылы курулган.

«Көп убактан бери 100гө жакын каттар жазылды. 2 парламенттик, 2 президенттик шайлоо алдында чоңдор келип, куруп беребиз деп убада берип, бирок аткарбай келишет. Биздин эл төлөгөн салыктар кайда кетти? Качанкыга чейин элдин байлыгын жеп-жута берешет? Социалдык объектилерди качан курасыңар? Бала бакча менен мектептер тез аранын ичинде салынбаса, билим берүү системасы оңолбосо, келечектен бир нерсе үмүт кылууга болбойт», - деди ал.

Кара-Тоо айылында 600гө жакын окуучулар бар. Бирок анын ичинен 300гө жакыны гана Кара-Тоо айылындагы мектепте окушса, калганы орун жетпегендиктен 3 чакырым жолду жөө басып, жакынкы айылдагы мектептерде билим алышат.

Буга чейин аймактык кабарчы аталган мектепке барып, абалы менен жеринен таанышып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×