Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 05.09.2019 14:01 На русском

Ак-талаалыктар жол боюнча нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 5-сентябрда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунун начардыгына нааразы болгон 6 айылдын тургундары райадминистрациянын алдына тынчтык митингге чыгышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок, Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылдарынын жергиликтүү тургундары саат 10:30да райондук мамлекеттик администрациянын алдына чогулуп, аталган жолго асфальт төшөлүшүн жана жакынкы аралыкта өкмөт башчы менен Транспорт жана жолдор министри келип элге жолугушуусун талап кылышты. Алар менен район акими Нурбек Молдокадыров менен райондук жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Тынычбек Абдылдабеков жолугушту.

«Митингге чыккандар аталган таштак жолдун кесепетинен унаалар кагышып, жол кырсыктары болуп жаткандыгын, ооруган адамдарды ооруканага жеткирүү кыйынчылык туудурарын, унаалар бузулуп, айдоочулар чыгым тартып жаткандыгын билдирип өтүштү. Андан сырткары, Кош-Дөбө айылынын Ала-Буга суусундагы чоң көпүрө кулап калуу коркунучунда тургандыгын, Кара-Бүргөн айылындагы Жаман-Даван суусундагы чоң көпүрөнүн алдыңкы бөлүгү түшүп калгандыгын, ошондой эле Ак-Чий айылындагы Мыкаачы-Суу суусундагы көпүрө селден улам кыйрап, жолдун алабы тар болуп калгандыгын айтып, бул көпүрөлөрдүн оңдолушун талап кылышты», - деп билдирди аймактык кабарчы.

Район акими Н.Молдокадыров ушул келерки дүйшөмбү күнү өкмөт башчыга жана министрге барып, айтылган талаптарды жеткирерин, андан соң элдерге жооп берерин айтты.

Тургундар 14 күндүн ичинде жооп болушун талап кылып, тарап кетишти.

Буга чейин 5-августта Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана Алтынбек Жунус уулу Ак-Талаа районуна келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүшкөн. Анда жергиликтүү тургундар эл өкүлдөрүнө бир катар көйгөйлөрдү билдиришкен.

Жыйын бүткөндөн кийин Кош-Дөбө, Жерге-Тал, Чолок-Кайың, Коңорчок, Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылдарынын айдоочулары 90 чакырым аралыктагы Баетов—Кош-Дөбө таштак жолунун начардыгын, жолдун айрым жерлери 2-3 метрге чейин чөгүп кеткенин, кээ бир жерлери кууш болуп, ортосуна шагыл үйүлүп, ары-бери каттаган унаалар талкаланып, чаңдан жол көрүнбөй, ал тургай унаалардын ичине чейин чаң кирерин айтышкан.

«Жогорку Кеңештин 3 депутаты келиптир. Жыйын бүткөн соң депутаттардан жолдун абалын көрүүнү сурандык. Ж.Акаев менен Р.Момбеков көрүшкөн жок. Алтынбек Жунус уулун өзүмдүн "Ауди" унаама салып алып, Ак-Чий айылына чейин көрсөттүк. Биз "асфальтыңарга тойдук, жок дегенде шагыл төктүртүп бергиле" деп билдирүү жасадык. Ошондой эле бул билдирүүбүздү өлкө башчысы С.Жээнбековго жана өкмөт башчысына жеткирип коюуну өтүндүк. Андан сырткары 15-сентябрь күнү 6 айылдын тургундары жана айдоочулары жол тосуп, нааразычылык акциясына чыгарыбызды эскерттик», - деди У.Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×