Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Нарын облусуНарын району 03.09.2019 17:48

Дөбөлүдө жайыттарга баруучу жолдор оңдолуп, көпүрө салынууда

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын жайыттарына баруучу жолдор оңдолуп, көпүрө салынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Дөбөлү айыл аймагынын алыскы жайыттарын пайдалануу максатында Айран-Суу жайлоосунун жайыт жолдору оңдолууда. Оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 182 миң сом бөлүнгөн.

Ошондой эле эл аралык уюмдун жардамы менен 228 миң сомго Туюк-Суу суусуна көпүрө салынууда. Жакынкы аралыкта толук бүткөрүлүп, ишке берүү алдында турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×