Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 02.09.2019 18:17

Ат-башылыктар эки волейболчуну салтанаттуу тосуп алышты. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Ат-Башыда волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү — Азамат Жумабеков менен Темир Муса уулун жердештери өзгөчө даярдык менен тосуп алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ат-башылыктар волейболчуларды жылуу тосуп, баталарын берип, ак калпак кийгизишти. Андан соң Азамат Жумабеков менен Темир Муса уулу өздөрү билим алган мектепке барып, окуучулар менен жолугушту.

Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Асылбек Осмоналиев эки спортчуга 10 миң сомдон сыйлык тапшырды. Ал эми Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов ардак грамота менен сыйлады.

Тосуп алуу иш-чарасы сый тамак менен аяктаган.

Волейбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азиянын зоналык чемпионатында чемпион аталышты. 24-августта финалдык беттеште Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын командасын 3:0 эсебинде жеңген. Ага чейин Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 менен утуп, тайпалык баскычтарда Непал менен Мальдив аралдарынын курама топторун уткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×