Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 30.08.2019 16:13 На русском

Ак-Талаадагы турак үйдө жарылган газ баллондун айынан 3 кыз күйүп, энесинин буту сынды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы турак үй жарылган газ баллондун айынан жараксыз абалга келген. Тактап айтканда, 2018-жылдын 22-декабрь күнү аталган үйдө газ баллон жарылып, анын кесепетинен Махабат Кичикакунованын буту сынып, 3 кызы күйүп, турак жайы толугу менен кулап калган. Учурда алар батирде күн кечирип жатышат.

«Биз Ак-Тал айылында жашайбыз. 3 кызым бар. Өзүм мектепте мугалим болуп эмгектенем. Учурда декреттик өргүүдө болгондуктан жумушка чыга элекмин. Буга чейин 4 миң сом айлык алып иштеп келгем. Жолдошум 2-топтогу майып. Эки жолу оор операция болгон. Анткени жүрөгүндө эки клапанына тең темир салынган. Оор жумуш жасай албайт.

2018-жылдын 22-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында жолдошум экөөбүз мал жайлаганга сыртка чыгып кеткенбиз. Үйдө 3 кызым ойноп калган. Кичүү кызым 8 айлык болчу. Мен кызымды карап коёюн деп үйгө кирип, кайра эшикти жаап чыгып бара жатканда газ баллон жарылды. Менин бутум сынып, кыздарымдын беттери, колдору күйүп жабыркашкан. Азыр үйүбүз жараксыз болуп калгандыктан бирөөнүн үйүндө ижара акы төлөп жашап жатабыз. Кайра үй куруп жатканбыз. Бирок каражат жетишсиз болуп, үйүбүздүн эч нерсеси бүтө элек. Үстүн дагы чатырлай албай жатабыз. Үй курууга каражат жагынан жардам сурап кайрылып жатабыз», - деди жабырлануучу.

М.Кичикакунова газ баллон эмнеден улам жарылганын билбейт. Учурда өзүнүн ден соолугу жакшы болбой жатканын кошумчалады.

«Газ баллонду жолдошум унаасын жылытуу үчүн пайдаланып келген. Болжол менен анын салмагы 2-2,5 кг. Аны көптөн бери эле колдонуп келе жаткан. Ошол күнү ишемби болчу. Газ баллонду толтуруу үчүн Нарын шаарына таксиден салып жиберген болчубуз. Болжол менен саат 15:30 чамасында таксист газ толтурулган баллонду алып келип берген. Аны толтуртуп келгенден кийин колдоно элек болчубуз. Эмнеден улам жарылганын билбейм. Айыл өкмөтүнө кайрылсак бир аз жардам берди. Кыштын күнү көчөдө калып, алапайыбызды таба албай калдык. Жарылуудан кийин эле мен дароо баспай калдым. Кыздарым күйдү. Кыздарымды айылдагы унаалар менен түз эле Нарын шаарындагы ооруканага алып барганбыз. Алгачкы жардамдар көрсөтүлдү. Мага болсо бутума гипс салышкан. Негизи мага операция кылабыз, темир салабыз дешти. Эмчек эмген кызым бар болгондуктан операцияга макул болгон жокмун.

27-август күнү ооруканага барып келдим. Рентген аппаратына тартылсам бутумдун сынган сөөгү калыбына келе элек экен.

«8 ай эң узак убакыт, кальций жетишпейт. 3 ай кальций ичип келиңиз, анда дагы бүтпөсө операция жасап, темир салабыз» дешти. Ушунун баарына, кыздарымдын дары-дармегине көп каражат керектелип жатат. Же үйүбүздүн курулушун бүтүрүүгө каражат таппай, абдан кыйналган жашоодо күн кечирип жатабыз», - деди М.Кичикакунова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×