Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Нарын облусуНарын району 26.08.2019 13:10

Айыл турмушу: Тоолук балдарга англис тилин үйрөткөн жаш мугалим Нуриянын кызыктуу окуялары (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айылынын 23 жаштагы тургуну Дөөлөтбек кызы Нурия мугалим болуп эмгектенет. Элеттик окуучуларга англис тилин үйрөтүп келген Нурия менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетинде англис тили жана адабияты адистиги боюнча билим алган.

«2017-жылдан бери Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы мектепте англис тили сабагынан билим берип келем. Алгач балдардын кызыгуусун арттыруу максатында сабактын темасына байланыштуу кызыктуу оюндарды уюштурам. Ар бир сабак бири-бирине окшошпой, кызыктуу болушу үчүн көп изденем. Мисалы, интерактивдүү методдорду пайдаланам. Азыркы замандын талабына ылайык ар бир окуучунун оюн угуп, көбүрөөк талкуу жүргүзөбүз», - дейт жаш мугалим.

Анын айтымында, иш учурунда кызыктуу окуялар көп болот.

«Сабак учурунда кызыктуу окуялар абдан көп болот. Бир жолу улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынактын райондук турунда кызык окуя болду. Нарын району боюнча ар бир айылдан командалар жарышканбыз. Жыйынтык чыгарып жаткан убакта башка мектептин мугалимдери менен сүйлөшүп калып, көбү менден «канчанчы класстын окуучусу болосуң?» деп сурашкан эле. Мен мугалим экенимди айтсам, алар: «Сени 9-класстын окуучусу деп ойлогонбуз» деп күлүшкөн.

Жаңы иштеп баштаганда сабактан чыгып, үйдү көздөй бара жатсам 8-класстын кыздары алдымдан чыкты. Чогу басып бара жатсак, бизди көргөн башка окуучулар «эжей, сиз биздин кыздар менен эле тең турбайсызбы, сизди окуучу деп ойлодук» деп тамашалашканы эсимде», - дейт Дөөлөтбек кызы Нурия.

Анын айтымында, алардын үй-бүлөсүн мугалимдердин династиясы деп аташат.

«Биздин үй-бүлөнү «мугалимдер династиясы» десем жаңылышпайм. Чоң атам Аман Сманбаев «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» наамынын ээси. Чоң апам дагы мугалимдик кесипти аркалаган. Ошондой эле атамдын бир туугандарынын дээрлик көбү билим берүү тармагында иштешти. Мындан улам Сманбаевдердин үй-бүлөсү мугалимдердин династиясы аталган. Ал эми атам Дөөлөтбек Сманбаев, апам Таалайбүбү Шаршеева дыйкан чарбанын мүчөсү. Үй-бүлөдө беш бир тууганмын, эки сиңдим жана эки иним бар.

Менин максатым — өсүп келе жаткан жаш муундарга татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүү менен биргеликте эл керегине жараган чыгаан инсандарды тарбиялоо», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×