Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуКочкор району 10.08.2019 14:17

Кочкордун Кара-Күңгөй айылынын тургундары сармерденде таймашты

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар атындагы көчөнүн жашоочулары сармерден таймашын уюштурушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, оюн Зайнидин Иманалиев атындагы маданият үйүндө өттү.

Сармерденди эрке бала Акылбек Абдылдаев, эрке кыз Тилек Осмоналиева алып барышты. Аблес уулу Алайдар көчөсүнүн тургундары маданият үйүн жасалгалашты. Аталган көчөнүн аялдар жана эркектер командасынын ортосунда ыр, бий боюнча таймаш болуп, акыйнек, макал-лакап, табышмак, жаңылмач айтышып, көрүүчүлөрдүн черин жазышты. Акырында сармерден оюнунун кезегин Маданият көчөсүнө узатышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×