Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-август
Нарын облусуАк-Талаа району 09.08.2019 17:07 На русском

«Мага эч ким ишенбей калган»: Дүйнө чемпионатына чөп ташып даярданган Калмира менен маек. Сүрөт

Калмира Билимбек кызы
Калмира Билимбек кызы

Turmush -  Болгарияда өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Калмира Билимбек кызы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун тургуну, 10-класстын окуучусу. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, спортчу жеңишке жетүү үчүн башынан көптөгөн сыноолорду өткөргөн. Жаштар арасындагы дүйнө чемпионатына атасына чөп ташып жардам берүү менен даярданган.

«Атам мен кетип жатканда "медаль алып келишиң керек, кызым" деп айткан. Менин алгачкы максатым медаль алып келүү болчу. Башында өзүмө ишенген жокмун. Атамдын деми, колдоосу менен жеңишке жетиштим», - дейт балбан кыз.

Ал Азия чемпионатындагы жеңилүүдөн кийин өзүнө болгон ишеними жоголгонун айтты.

«Жеңишке жетүүдө кыйынчылыктар көп болду. Азия чемпионатында утулуп калганда мага эч ким ишенбей калган. Бирок Аллахым дүйнө чемпионатына даярдап, көп сыноолорду берип жатыптыр. Ошол сыноолордон өткөнүмө аябай сүйүнүп жатам.

Бул мелдешке 11 жыл даярдандым десем болот. Анткени эң чоң ийгилигим ушул дүйнө чемпионатындагы жеңишим. Ал эми мелдешке 20 күн калганда атама чөп ташышып жардам берип жүрүп даярдандым.

Жеңишке жеткенде алгач атама сүйүнчүлөдүм. Өзүмдүн уюлдук телефонум өчүп калып, ал жактагы мелдешке мени менен бирге барган курбу кызымдын телефону менен билдирүү жазгам. Мелдештен кийин бөлмөбүзгө барганда ата-энем, туугандарым телефон чалып, ыйлап куттуктап жатышты. Алар менен кошо сүйүнүп мен да ыйладым. Кыргыз элиме кубаныч тартуулаганым үчүн азыр да сүйүнүп жатам», - деди спортчу.

Ал эми анын атасы Билимбек мырзанын айтымында, кызы Калмира 5 жашынан баштап спорттун эркин күрөш түрү менен машыгат.

«Баарыбыздын көз алдыбызда чоңойгон Калмира 11 жыл бою машыгып, даярданды. Негизи күрөшкө күч гана эмес, билим, акыл, психология, философия жана башка нерселер кирет. Машыктыруучусу "мелдешке барган бардык кыздардын ичинен Калмира эң кичинекейи жана салмак кубалабай барган кыз болду. Бакчага кирип гүл тергендей, атаандаштарынын ар бирин өз убагында ыкмаларды колдонуп утуп жатты" деп айтты. Мен дагы кыргыз элиме, колдогондорго терең ыраазычылык билдирем. Биз келгенден бери абдан кубануу менен тосуп алып жатасыңар. Кызым Калмира гана эмес, кыргыз элимдин башка спортчулары да алдыда чоң ийгиликтерди багындырат деп ишенем», - деди ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын шаарында жана Ак-Талаа районунда Болгарияда өткөн жаштардын дүйнө чемпионатынан кайтып келген Калмира Билимбек кызын салтанаттуу тосуп алышканын жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×