Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 01.08.2019 14:01 На русском

Жумгалдагы каракталган сейф жана түн оокумда мүрзөдө акча бөлүштүргөн жигиттер

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын облустук соту Бектур (аты өзгөртүлдү, Ө.Н.) менен Азаттын (аты өзгөртүлдү, К.Б.) кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Бектур 1993-жылы Чүй облусунда туулган. Билими жогорку, бойдок, убактылуу иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган.

Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну Азат 1993-жылы аталган райондо туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы. Убактылуу иштебейт, мурда сот жообуна тартылган.

2017-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү болжол менен саат 01:00 чамасында Бектур менен Азат алдын ала сүйлөшкөн боюнча бет кап кийип, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Жумгал райондук филиалына киришкен. 1972-жылы туулган кароолчу Б.Ж.ны сабап, колу-бутун скотч менен таңып, имараттын биринчи кабатында жайгашкан пенсия бөлүмүнүн иш бөлмөсүндөгү 380 миң сом каражат бар темир шкафты ача албай, аны Жумгал райондук электр тармактар ишканасынын имараты жайгашкан тоонун үстүндөгү мүрзөнүн арасына көтөрүп барышкан. Андан соң монтировканын жардамы менен кол баткыдай ачышып, ичиндеги 380 миң сомду алып, тең экиге бөлүп алышкан. Ал эми иш кагаздарды өрттөп, темир шкафты ыргытып жиберишкен. Аталган акчаны өз кызыкчылыктарына коротушкан.

Бектур Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 168-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (каракчылык), 348-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу) 112-беренесинин 1-бөлүгү (саламаттыкка атайылап жеңил зыян келтирүү) боюнча айыпталган.

Жумгал райондук сотунун өкүмү менен Бектур Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы ред.) 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылы ред.) 60-беренесинин негизинде мурдагы өкүм боюнча өтөлбөй калган жазанын жарым-жартылайы кошулуп, 9 жыл 1 айга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 24-мартынан баштап эсепке алынып, Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы ред.) 61-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде алдын ала камакта жаткан күндөрү жазасын өтөгөн болуп, ар бир күнү 2 күнгө барабар деп эсептелинген. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз камакта калтырылган.

Азат Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (каракчылык), 348-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, зыянга учуратуу же жашыруу), 112-беренесинин 1-бөлүгү (саламаттыкка атайылап жеңил зыян келтирүү) менен менен айыпталган.

Жумгал райондук сотунун чечими менен Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы ред.) 202-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылы ред.) 60-беренесинин негизинде мурдагы өкүм боюнча өтөлбөй калган жазанын жарым-жартылайы кошулуп, 9 жыл 1 айга эркиндигинен ажыратылган. Жазасын өтөө мөөнөтү 2018-жылдын 29-мартынан баштап эсепке алынып, Кылмыш-жаза кодексинин (1997-жылдагы ред.) 61-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде алдын ала камакта жаткан күндөрү жазасын өтөгөн болуп, ар бир күнү 2 күнгө барабар деп эсептелинген. Бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз камакта калтырылган.

Ал эми Жумгал райондук сотунун 2019-жылдын 6-майындагы токтому менен жабырлануучу А.Д.нын өтүнүчү канааттандырылып, ошондой эле жаңы мыйзам боюнча Бектур жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылган. Азат жаңы мыйзам боюнча жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иши боюнча өндүрүш кыскартылган.

Бул өкүмгө соттолуучу Азат жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын өкүлүнүн даттанууларынын негизинде жазык ишти Нарын облустук соту карап чыкты.

Сот залында соттолуучу Азат бул кылмышка катышпагандыгын, издөө жарыяланган учурда кызын Бишкек шаарында дарылатып жүгөндүгүн айтты. Соттолуучу Бектур темир шкафтын ичинен 170 миң сом эле чыкканын, тергөө мезгилинде кысымдын негизинде 380 миң сом алгам деп айттырышканын, ал боюнча арыз менен кайрылганын, тергөө иштери мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнүн билдирди. Ошондой эле Жумгал райондук сотунун 2019-жылдын 6-майындагы өкүмүн жокко чыгарып, Азаттын аракетинде кылмыш курамы жок болгондуктан ишти кыскартууну суранды. «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын өкүлү 370 миң сом өндүрүү тууралуу доо-арызы сотто каралбай калгандыгын, анын кесепетинен жумушчулардын 2 айлык эмгек акысы бүгүнкү күнгө чейин төлөнбөй келе жаткандыгын билдирип, Жумгал райондук сотунун өкүмүнүн ишканага тиешелүү бөлүгүн өзгөртүп, доо-арызды канааттандырууну суранды.

Жыйынтыгында сот Жумгал райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, Бектур менен Азаттан 370 миң сом өндүрүү чечимин кабыл алды. Өкүмдө Кочкор райондук сотунун 2016-жылдын 22-апрелиндеги Азаттын (мурунку кылмыш иши боюнча) шарттуу соттолгондугу жокко чыгарылып, чечимдин калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылды.

Өкүмгө нааразы тарап кассациялык тартипте Жогорку сотко даттана алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×