Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 01.08.2019 11:10

Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен адамдын денеси 14 күндөн кийин табылды

Автоунаа кулаган болжолдуу жер
Автоунаа кулаган болжолдуу жер

Turmush -  17-июлда Жумгал районунун Арал айылында Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен адамдын денеси 31-июлда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, дарыяга 1964-жылы туулган А.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен. Аны издөө иштеринен жыйынтык чыкпай келген. Кечээ, 31-июль күнү издөө иштерине ӨКМден 24 куткаруучу жана 5 суучул тартылган. Алар маркумдун денесин саат 15:40 чамасында суудан таап чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×