Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуКочкор району 31.07.2019 15:15 На русском

«Теңтуштары шылдыңдасачы?»: 23-февралда төрөлгөн М.Дүйшөналиевдин атын таң атпай дүкөнчү койгон (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылынын 49 жаштагы тургуну Маршалбек Дүйшөналиевдин ысымын айылдагы дүкөнчү койгон. Ал 23-февралда Ата Мекенди коргоочулар күнүндө төрөлгөн. Ал эми СССР мезгилинде 23-февраль — Советтик армиянын күнү катары белгиленип келген. Маршалбек Дүйшөналиев менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, көпчүлүк учурда анын атын унутуп, кайра сурагандар болот.

«Апам 4 эжемди, байкемди төрөгөндөн кийин мени 23-февралда — Советтик армиянын күнүндө төрөптүр. Ар бир ата уулдуу болгондо өзгөчө толкунданат эмеспи. Атам таңкы саат беште айылдагы дүкөнчү байкеге "уулдуу болдум, жээнтек берем, дүкөнүңдү ач" деп барыптыр. Ал дүкөнчү байке Теңдик деген айылдан биздин айылга келип иштечү экен. Дүкөнчү байкенин ысымын унутуп жатам. Ошол жерден дүкөнчү атам менен сүйлөшүп жатып, "бүгүн Советтик армиянын күнү, уулуңдун атын Маршалбек деп кой" дептир. Атам макул болуп, апам менен кеңешсе, апам "кийин чоңойгондо теңтуштары шылдыңдасачы?" деп бир аз каршы болуптур. Бирок атам убада берип койдум деп, атымды Маршалбек деп коюптур.

Баарынан кызыгы, атымды койгон дүкөнчү байке менен бир тойдон жолугуп калдым. Мен ал байкени тааныбайт болчумун. Той аяктаганда эшикке чыгып бара жатсам, артымдан келген адам колдон алып, "атыңды жакшы коюптурмунбу?" деп калды. Мен ага көп маани бербей, кайра токтой калып, ал байке менен таанышып калдым. Көрсө ал биздин айылда дүкөнчү болуп иштеген, менин атымды койгон байке экен.

Маршалбек деген ысым чанда гана кездешет. Балыкчы шаарында да Маршалбек деген адам бар экен. Жолуксам деген ниетим бар. Кочкор району боюнча Маршалбек деген ысымдуу мен гана окшойм. Себеби байкемдин Кумтөрдөгү кесиптештери "кочкорлук Маршалбек дегенди тааныйсызбы? Ысымы башкача ээ" деп сурашыптыр», - деди М.Дүйшөналиев.

Маршалбек мырза 1988-1991-жылдары Россияда деңиз флотунда аскердик кызматын өтөгөн. Ал жакта аны «Миша» деп аташчу.

«Аскердик кызматымды өтөп жүргөндө башка улуттагы жоокерлер "ысымың өзгөчө экен, эмнени түшүндүрөт?" деп сурашчу. Атымды угуп, башкача элестетишет окшойт. Кээ бир бейтааныш адамдар "кичинекей эле жигит турбайсыңбы, чын эле маршалсыңбы?" (маршал — генералдык курамдагы эң жогорку аскердик чин) деп сурашат. Өзүмдүн өзгөчө ысымым менен сыймыктанам», - дейт М.Дүйшөналиев.

Ал аскердик кызматын өтөп келгенден кийин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 7 жылдан бери Ак-Жар айылынын башчысы болуп эмгектенет. 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×