Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуАк-Талаа району 29.07.2019 22:49

Кыргызстандын жаратылышы: Соң-Көлгө жашынып бараткан күн

Turmush -  Соң-Көл Ички Теңир-Тоонун бийик тоолорунун арасында деңиз деңгээлинен 3 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Жаратылышы эң эле кооз, көзгө көркөмдүү көлдөрдүн бири. Анын жаратылышын жарашыктуу көркүнө чыгарып, көлдү айландыра курчаган тоо кыркалары, жылгаларынан агып түшкөн тунук кашка суулары, тоолордун асман тиреген аскалуу чокулары курчайт. Соң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куюп, анын деңгээлин төмөндөтпөйт.

Соң-Көлдүн узундугу 29 чакырым, туурасы 17 чакырымга созулуп, 292 чарчы чакырым болгон көлдүн аймагын түзөт. Көлдүн тереңдиги ар түрдүүчө, чыгыш тарабы 10-15 метр болсо, батыш тарабында тереңдиги 22 метрге чейин жетет.

Көгөргөн көлдүн айланасына ар түрдүү чөптөр өсүп, кызыл-тазыл гүлдөр менен саймаланып турат. Кээ бир жээктен эшилген майда кызыл кумдуу пляждарды учуратууга болот. Ошондой эле жээктердеги тоо боорлору бетегелүү тоо чөптөрүн жамынып жатат.

Соң-Көлдө сууда сүзүүчү жана саз канаттууларынын 66 түрү жашагандыгы далилденген. Алардын 29 түрү көл жээктериндеги өрөөндөрдө уялашып, балапандарын чыгара тургандыгы, ал эми 37 түрү күзгү жана жазгы келгин канаттуулар экендиги байкалган. Соң-Көлдүн үстүндө өрдөк, чүрөк, каздар, ак чардактар сүзүшсө, анын астында ар түрдүү чабак урушат. Соң-Көлдөгү канаттууларды ар түрдүү жоготуулардан коргоп, көбөйүшүнө толук шарттарды түзүү үчүн мамлекет тарабынан корукка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×