Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуНарын району 24.05.2019 15:07 На русском

Айыл турмушу: Солтон-Сарынын алтындары менен ойногон Б.Кенжебаева чабан болуп эмгектенген

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылынын 68 жаштагы тургуну Бүбү Кенжебаева 18 жашынан тартып чабан болуп эмгектенген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бүбү Кенжебаева 1952-жылы мурунку Тянь-Шань районунун (азыр Эмгекчил) Күйбышев айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин тоого чыгып, чабан болуп 5 жыл эмгектенген. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. «Эмгек Кызыл Туу» орденин алган, «Баатыр эне» наамынын ээси.

«Мектепти бүткөндөн кийин 5 жыл чабан болуп иштедим. 18 жашка чыкканда жаштар үчүн “Максат” деген бригада ачылып калды. Тянь-Шань району боюнча кыз чабандардан мен эле болчумун. Кой туудурчумун, башка койчуларды бакчумун. 1000 койду атам, иним болуп бакчубуз. Ал кезде жаш болгондуктан оорчулугу сезилчү эмес. Жыйналыштардын баарына мени чакырышчу. Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болдум. “Эмгек Кызыл Туу” орденин алдым. Ошол убактагы окуяларды балдарыма айтып берсем ишенишпейт, таң калышат. Койчулар менен чогуу күндөп-түндөп кой туудурчубуз», - деди ал.

Бүбү Кенжебаева: «23 жашымда турмушка чыктым. Андан соң Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” мейманканасында кароолчу болуп иштедим. Кийин пенсияга чыктым. 4 эркек, 3 кыз, 22 неберем бар. 46 жашымда “Баатыр эне” наамын алдым. Чабан кыз деген атка конгом. Бектуруп деген таяке бар болчу, ошол адам мага арнап “Тоолук кыз” деген ыр чыгарыптыр. Ошол ырды көп угам, кыялданып отура берем.

Польша, Венгрия, Москва, Моңголияга иш сапар менен барып жүрдүм. Жаш кезимде аябай шамдагай элем. 9 бир туугандын экинчиси болчумун. Кыз куумайларга түшүп, жигиттерди жеткирчү эмесмин. Гезитке көп чыгып жүрдүм.

Солтон-Сарыдагы сууга барып ойночубуз. Ошондо сууга түшүп чыккандан кийин кийимдерибизге алтындар илешип калчу. Биз алтын экенин кайдан билебиз. Сапсары болуп жылтылдап калчубуз. Ошондон улам сөөктөрүбүз бекем», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×