Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуНарын району 24.05.2019 10:42 На русском

17 жаштагы дастанчы Адилет: Мени жактырбагандын аркасынан түшүп алып ырдайм

Turmush -  Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Эмгек-Талаа айылынын 17 жаштагы тургуну Адилет Садыбакас уулу аккордеон жана комузда кол ойнотуп, дастан айтып, тойлордо ырдап киреше таап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөсүнүн бардыгы чыгармачыл адамдар.

«Менин атам жана атамдын бир туугандары чыгармачыл адамдар. Алар музыкалык аспаптардын бардык түрүндө кол ойнотуп, шаарда музыкалык мектептерде, театрларда эмгектенишет.

Мектепке жаңы кирген кезимде чыгармачылык чөйрөгө көп деле кызыкчу эмесмин. Бирок биринчи мугалимим Шайыр эже менин талантымды байкап, "сенин үнүң жакшы. Атаңдай ырчы болосуң" деп, комуз менен дастан айтууну сунуштады. 4-классымда комуз чертүүнү атамдан үйрөнүп, кичирээк болгондуктан анын аягына чыкпай таштап салгам. Кийин комузга болгон кызыгуум 14 жашымда ойгонду. Ошол кезде үйдөгү кичинекей бөбөктөрүм уктап жатканда, аларды ойготуп албайын деп кыш мезгилинде сыртка чыгып, үшүгөнүмө карабай комуз черткенди үйрөнгөм. Ошондон кийин комуз менен дастан айтып, райондук, облустук, республикалык сынактарга катышып, 1-орундарды багындырып келем», - деди ал.

Адилет Садыбакас уулунун атасы дагы ырчы. Ал тойлордо өз өнөрүн тартуулап келет.

«Ал эми аккордеондо ойногонду ушул эле айылдын клубунда эмгектенген Төлөгөн атамдан бир жылдан бери үйрөнүүдөмүн. Ал атамдын бир тууган агасы. Өзүмдүн атам айылыбызда тойлордо ырдайт. Мен дагы былтыркы жылдан бери атам менен чогуу тойлорго Токтобек Асаналиевдин ырларын көп ырдап чыгып, киреше табуудамын. Тойдо ырдап жатканда кээде той ээлери жана меймандар жактырбаган учурлар кездешкен. Ошондо ырдагым келбей калган күндөр болгон. Атам "аларга маани бербе. Мен ырдап жатканда деле ошондой учурлар кездешет. Бирок мен ага чөкпөй, тескерисинче алардын жанына барып алып ырдайм" дегенинен, кайра алардын жанына барып алып ырдайм (күлүп). Айрымдары ырдаганымды баалашып, алардын мактоо сөздөрүн укканда шыктанам.

Быйыл 11-классты аяктап жатам. Буюрса, келечекте талантымды дагы да такшалтып, Өмүрзак Кайыповдой ырчы болгум келет», - деди ал.

Жаш талант мындан тышкары спорт менен машыгып, футбол, волейбол ойноп, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет. Ал үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×