Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАт-Башы району 24.05.2019 09:28

Ат-Башыда иттерге операция жасалды. Сүрөт

Turmush -  «Менин жашоом эхинококкозсуз» долбоорунун алкагында Польшадан келген ветеринардык хирургдар тобу Ат-Башы районунун жеке ветадистерине итке тирүү кезинде диагноз коюу жана иттерге кастрация-стерилизация жасоо боюнча практикалык тренингдерди өткөрүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ат-Башы райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Үмөтаалы Саалаев: «Эхинококкоз дартын таратуучу ит болгондуктан 4 күндөн бери польшалык кесиптештер итке операция жасоону көрсөтүп беришүүдө. Итти биз атып жатабыз, аткан менен маселе чечилген жок. Ошондуктан ит ээлери менен сүйлөшүп, иттин көбөйүүсүн операция жолу менен кыскартыш керек.

Адамга кандай операция жасалса ошондой кылып жасаганды көрсөтүштү. Наркоз берилип, бардык эрежелер сакталды. Биз буга чейин итке операция жасачу эмеспиз. Башкы максаты — иттин санын кыскартуу», - деди.

Үмөтаалы Саалаев кошумчалагандай, аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын ветеринардык палатасы менен Польшанын ветеринардык клиникасы ортосундагы келишимдин негизинде өттү.

Кастрация (бычуу) — жаныбарлардын репродуктивдик органдарын алып салуу. Мында эркегинин уругу алынат. Ал эми ургаачыны бычуу жарым-жартылай болушу мүмкүн. Анын энелик уругу же уругу жатыны менен чогуу алынып салат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×